Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:42

ЮНИСЕФ: Украинадагы уруш балдар арасындагы ачарчылык маселесин курчутат


Йемендеги оорукана. Архивдик сүрөт
Йемендеги оорукана. Архивдик сүрөт

ЮНИСЕФ Украинадагы уруш дүйнөнү азык-түлүк кризисине кептейт, анын арты балдар арасындагы ачарчылык маселесин курчутат деп эскертти.

Агенттиктин 17-майдагы докладында айтылгандай, курсагы тойбогон балдардын өмүрүн сактап калууга кеткен каражат Орусия Украинага кол салгандан кийин 16% өсүп кетти. Ансыз да коронавирус пандемиясы жана климаттын өзгөрүшү бул жааттагы абалды кыйындаткан.

Докладдын авторлору жыл аягына чейин акча берилбесе 600 миңден ашуун наристе ачарчылыкка туш болгон 10 миллион баланын катарын толукташы мүмкүн экенин билдиришти.

Балдардын араңжан болушу иммундук системанын начарлашына алып келет.

ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө беш жашка чейинки кеминде 13,6 миллион бала салмак кошо албагандан жапа чегет. Бул курактагы балдардын ар бир бешинчиси чарчап калат.

Кризистин тереңдешин алдын алуу үчүн БУУнун агенттиги тиешелүү жардамды 2019-жылга караганда кеминде 59% көбөйтүүнү сунуш кылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG