Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:01

Бишкекте министр Бейшеналиевди колдогон акция өтүп жатат


Алымкадыр Бейшеналиевди колдоп чогулгандар. 17-май, 2022-жыл.
Алымкадыр Бейшеналиевди колдоп чогулгандар. 17-май, 2022-жыл.

Бишкекте Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдына саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди колдогондор чогулду.

Алар министрди колдоо зарылдыгын, ал коррупция менен күрөшүп баштаганын, кызыкдар тараптар аны кызматтан кетирүү аракетин көрүп жатканын айтышууда.

“Министрди мындай кара пиар менен иштен алуу жосунсуз. Мен бул кишинин бардык жасаган иштерин туура деп айтуудан алысмын, бирок ал жасаган реформалары аянына чыгышы керек”,- деди акциянын уюштуруучуларынын бири, активист Атай Бейшенбек.

Саламаттык сактоо министринин орун басарлары 16-майдагы маалымат жыйында өлкө бийлигине кайрылуу жасап, Бейшеналиевди кызматтан алууну өтүнгөн.

Министр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) эки жолу суракка алганын 16-майда "Азаттык" радиосуна айткан. Азыр Германияда иш сапарда жүргөнүн, Кыргызстанда 1-июнга чейин болбой турганын билдирген.

УКМК Жети-Өгүздө 100 500 сом пара алып жаткан жеринен Ысык-Көл облусу боюнча саламаттык сактоо министрлигинин координатору, Каракол шаарынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору кармалганын маалымдаган.

Алымкадыр Бейшеналиев 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин саламаттык сактоо министри болуп дайындалган. (JsA\KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG