Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:04

Индия буудай экспортуна тыюу салды


Индиянын бийлиги азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн буудай экспортун чектеди. Бул тууралуу Times of Indiа басылмасы жазды.

Мындай кадам аптаптын кесепетинен ички азык-түлүккө, өзгөчө дан азыктарына баа көтөрүлгөн учурга туш келди.

"Чектөөлөр жеке соодагерлер берген экспорттук буюртмаларга таасир этпейт" деп белгиледи Hindustan Times.

Индия дүйнөдөгү эң ири буудай өндүрүүчү болуп саналат, анын үлүшү 13,5% түзөт. Экспортко тыюу салуу азык-түлүктүн баасынын кымбатташына алып келиши ыктымал. Орусиянын Украина менен согушунан кийин буудайдын жетишсиздигинен улам дүйнөлүк азык-түлүккө баанын көтөрүлүшү рекорддук деңгээлге жетти.

Согуштук аракеттерден улам Украинанын портторунда дээрлик 4,5 миллион тонна эгин тосулуп калды. Орусия кол салгандан бери деңизге чыкчу жолдор буулуп, эгинди экспорттоого мүмкүн болбой жатат.

Орусия жана Украина азык-түлүк менен камсыздоонун үзгүлтүккө учурашына бири-бирин айтыптоодо.

Батыш өлкөлөрү согуштан улам бир катар өлкөлөрдө азык-түлүк каатчылыгы жана ачарчылык болушу мүмкүн экенин байма-бай эскертүүдө. Анткени бул эки мамлекет тең эгин экспорттоочу өлкөлөрдүн сап башында турат. Март айында БУУ азык-түлүк баасы 12 пайыздан ашык жогорулаганын белгилеген. Бул 1990-жылдан берки рекорд болуп калды.

Бул жагдай Жакынкы Чыгыш, Африка жана Азиянын айрым өлкөлөрүндө азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч туудурат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG