Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Мас абалда чек арадан мыйзамсыз өткөн кыргызстандыктар кармалды


Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Карамык айылы.
Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Карамык айылы.

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Карамык айылынын бир нече тургуну мас абалында автоунаа айдап, Тажикстандын аймагына өтүп кетишкен. Алар чек арада кызмат өтөп жаткан тажик чек арачыларына ар түрдүү сөздөр менен нааразылык билдиришкен. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.

"Ошол кезде кызмат өтөп жүргөн кыргызстандык чек арачылардын аракети менен кыргыз жарандары мекенине кайтарылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Бул окуяга байланыштуу Кыргызстандын Ош облустук, Тажикстандын Лахш аймактык чек ара өкүлдөрүнүн ыкчам жолугушуусу болуп өттү. Анда тараптар бул сыяктуу учурларга жол бербөөнү жана чек арадагы кырдаал боюнча маселелерди ыкчам чечүүнү макулдашты", - деп жазылган маалыматта.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырым. Апрель айында кыргыз-тажик президенттери эки мамлекеттин чек арасынын 660 чакырымдан ашыгы такталганын жарыялашкан. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG