Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 01:57

Кашкарды бийлеген туңгуч кыргыз генералы


Уйгур генералы Темир жана Кашкардагы кыргыз кол башчылары. Сүрөт Мехмет Эмин Бугранын китебинен алынды.

Кыргыздын биринчи генералы Ысакбек Монуев деп келсек, табылган булактардын негизинде Кызыл-Суу кыргыздарынан Осмонаалы экендиги тастыкталып отурат. Анын өз жери Чыгыш Түркстан, Кашкар, Чыгыш Теңир-Тоодогу кыргыз жери үчүн күрөшү, чөлкөмдү душмандардан бошотушу ага генерал деген наамды алууга негиз болгон. Бул макалада Осмонаалынын генерал деген наамды кантип алганы баяндалат.

Осмон пашанын өмүр баяны тууралуу толук маалыматка жете албадык. Ал үчүн Кытайга барып, Шинжаңдын архивдерин изилдеп казуу керек же Кызыл-Сууда жашаган кыргыз туугандарынан сурап билүү зарыл.

Осмонаалы тарыхый булактарда ар кандай эскерилет. Осмонаалы, Осмон Али, Осмон Бай, Осмон, Осмон паша деген ысымдар менен жазылып калган. Анын качан туулгандыгы тууралуу так маалымат жок. Бирок анын саясий ишмердигинин жетилип турган учуруна карап көрсөк, ХIX кылымдын аягы же ХХ кылымдын башында жарык дүйнөгө келген.

Тарыхчы Эндрю Форбс аны 1903-жылы туулган деп божомолдойт. Ал азыркы Кытайга караштуу Шинжаңдагы (Чыгыш Түркстан) Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун Улуу-Чат оданына караштуу Кызыл-Ой деген жерде туулган. Уруусу кыргыздын сол канатындагы карабагыш.

Кызыл суулук Теңдик аттуу боордошубуз менен маектешкенибизде, Осмон паша саясий иштерге аралашканга чейин касапчылык менен алектенгенин айтты. Аны тааныгандар "Осмон касап" деп аташкан экен. Анын кай жерде иштеп, кай жерде билим алгандыгы белгисиз. Ал эми тарыхый булактарда эскерилген иниси Өмүр билимдүү болуп, жогорку окуу жайды аяктаган.

Осмондун Кашкарды каратышы жана генерал наамы

1911-жылы Кытайды бийлеген 300 жылдык Цинь империясы кулап, ордуна Кытай Республикасы түзүлгөн. Кытайдын жаңы бийлиги Шинжаң аймагын мурдагыдай эле колониялык абалда башкарууну уланткан. Шинжаң өкмөтү советтик (Кыргызстан) чек араны кайтаруу үчүн 1925-жылдан тарта жергиликтүү кыргыздардан аскер ала баштаган. Ар кандай көтөрүлүштөрдү басуу үчүн да Кашкарда кыргыздар аскерге алынган.

Бир жагынан Шинжаң бийлигинин советтик чек араны кайтарууну күчөтүшү Ферганадан качып барган басмачылардын алдын алуу эле. 1931-жылы Кумулда (Хами) чыккан көтөрүлүш акырындап бүткүл Шинжаң аймагына жайылган. Бул көтөрүлүштөн пайдаланып бүткүл шаар-аймактарда бийлер, башчылар аскер топтоп, кытай аскерлерине каршы согушуп, аларды тазалай баштаган.

Генерал Осмон. Сүрөт Полат Кадиринин китебинен алынды.
Генерал Осмон. Сүрөт Полат Кадиринин китебинен алынды.

Кашкар акими Ма Шао Ву (Ма дотай) Кашкардагы кыргыздын тың чыкмаларынан аскер алып, түндүктөн келе жаткан уйгур жана кыргыз көтөрүлүшчүлөрүнө каршы турууну пландаган. Осмон кайсыл бир себеп менен Кашкарда түрмөгө камалган. Кашкар акими аны камактан чыгарып, Кашкарды коргой турган кыргыз армиясынын башына койгон.

Осмон Ферганадан качып келип, Кашкарда түрмөдө жаткан Кошмат корбашыны да чыгарып, өзүнө орун басар кылып алган. Буга Кытайдын Кашкардагы акими да макул болгон. Бирок Осмондун көздөгөнү такыр башка эле.

1933-жылы советтик чек арада Айт Мираб (Айт Маарек) баштаган кыргыз көтөрүлүшчүлөрдү кытай бийлигинин катуу жазалоосу, кыргыздардын кугунтукталышы, айрым лидерлеринин өлтүрүлүшү, анын Кытай бийлигинен өч алуу сезимин козгоп койгон. Бир тараптан бүтүн Шинжаң аймагы кытай бийлигине каршы көтөрүлүп, Ак-Суу, Үч-Турпан тараптан кыргыздар, уйгурлар, дунгандар кытай бийлигин кулатып, Кашкарды көздөй келе жатканда Осмондун кытай бийлигине кызмат кылуусу акылга сыйбас иш эле. Осмон жөн гана абалдан пайдаланып, кытай бийлигинен курал-жарак алууну көздөгөн.

1933-жылдын башынан тарта үчтурпандык кыргыз Абдуллах Кулубек (Кулучин) 400 аскери менен, өзгөндүк Парпи корбашы, уйгур лидери Темир жана дунган лидери Мазуха өз ара биригип, Ак-Суу, Үч-Турпан, Абат, Тумшук, Марал-Башы тарапта кытай аскерлери менен согушуп, аларды тазалап, Кашкарды көздөй жылып келе жаткан. Бул арада Темир Марал-Башынан Турду ажы деген кишисин Кашкардагы абалды билип келүү үчүн жөнөткөн.

12 күндөн кийин кайткан Турду ажы Кашкар акими кыргыздардан 800 адам топтоп көтөрүлүшчүлөргө каршы жөнөткөнүн айтып келген. Муну уккан генерал Темир эгер кытайлар бизге каршы кыргыздарды койсо, биздин Кашкарды алышыбыз оор болот деп тынчсызданган.

Осмон жана Кошмат Кашкардагы кытай башкаруучусу тарабынан кыргыз аскерлеринин командири болуп дайындалып, Тумшуктагы көтөрүлүшкө каршы жөнөтүлгөн. Бирок Осмон кытайлардын эки бир тууган элди, ал гана эмес, ичинде кыргыздар да болгон көтөрүлүшчүлөргө каршы согуштуруп жаткандыгын билип, алгач эки кыргыз аскерин элчи катары Темирге жөнөткөн. Бул эки кыргыз элчисин Темирдин адамдары кармап, ага алып барышкан. Элчилердин бири калпагын чечип, ичин жыртып ийип Осмондун Темирге жазган катын берген. Ал катта "Осмон, Ороз, Кошмат баштаган 800 кыргыз сиздер менен кытайларга каршы биригүүгө даярбыз" деп жазылган эле. Катты окуп, кубанган Темир кайра ыраазычылык кат жазып, ак байрак менен бирге Абдулкадир Махсум аттуу адамын эки кыргыз элчисине кошуп Осмонго жиберген.

Махсумдун катын жана ак байрагын алган Осмон Кашкар акимине барып: “Уурулар жакындап келе жатат, курал-жаракты эрте бериңиз. Мен аскерлерге согуш тактикасын үйрөтүп, согушка даярдайын”, - дейт.

Аким Ма Шао Ву Осмонго 800 мылтык жана ок-дары берген. Кытайлардан алган курал-жарактар менен Осмон аскерлерине кайрылып: "Бул кытайлар тууган элди бири-бири менен согуштурмакчы, буга чейинки жасаган зулумдуктары үчүн мен Ма Шао Вуга каршы согушамын" дегенде бүтүн аскерлери аны ээрчиген.

Осмон акимге элчи жиберип, "Шаарды бошот, болбосо согушка даяр бол!" деп талап койгон.

Кашкар акими Осмонго каршы англиялык аскер адамды жана Жусупжанды (теги кыргыз деген маалыматтар бар) каршы койгон. Бирок алар да Осмондон жеңилген. Бул окуяларга күбө болгон Махсум Темирге кайтып барып, баарын айтып берген. Темир аскерлерине Осмондун эрдиктерин баяндап, алардын согуштук маанайын көтөргөн. Осмон Кашкарды алуу үчүн күрөшүп жатканда Темир, Парпи, Кулубек, Махуза баштаган уйгур, кыргыз, дунгандар Кашкарга жол тарткан. Жолдорунда тоскоол болгон бүт кытай аскерлерин тазалап отуруп, Кашкар шаарына жакын Файзабад деген жерге келип токтогон.

Темир, Мазуха, Парпи жана башка кол башчылар аскерлери менен Файзабадга келгенин уккан кыргыздардан Осмон, Кошмат, анжияндык өзбек Сатыбалдыжан чогуу тосуп алуу үчүн барышкан. Осмон менен Темир жолугушканда көзүнө жаш алып кучакташып учурашат.

Бул убакта "Жаш Кашкар" партиясынын өкүлдөрү да Файзабадга келет. Баары чогулуп кеңешме өткөрүлөт. Мазуха менен Темир Кашкар акими Ма Шао Ву багынбастыгын, тескерисинче, бүтүн кытайларды куралдандырып жатканын угушуп, Осмондун Кашкар эски шаарга кол салуусуна макул болушкан.

Хотан Ислам Эмирдиги өкмөтүнүн куралдуу күчтөрүнүн башчысы Мухаммед Эмин Бугра 1940-жылы Кабулда чыккан уйгур тилиндеги эмгегинде:

“Тумшук тоосундагы кытайлар менен көтөрүлүшчүлөрдүн салгылашуусунда кытай армиясындагы Осмонаалы жана Мухаммед баштаган миңдей кыргыз аскерлерлери өз алдынча айрылып, Кашкарды көздөй жүрүштү. Бир жума жүргөн салгылашуудан кийин Кашкар акими Мадотай жеңилип, Кашкар шаары алынды”, - деп жазат.

“Кыргыздар 1933-жылы 7-апрелде Кашкарга кол салышкан. Алар шаардын бүтүн дарбазаларын курчап, Булак-Башы дарбазасынан талкалап ичкери киришкен. Айрым аскерлер Тошук дарбазасынан киришкен. Артуштан Абдуллах Ахун деген адам аскерлери менен Осмонго жардамга келген. Шаар ичиндеги калк да кытайларга каршы көтөрүлүп, Жарбак эшигин ачып беришкен. Ма Шао Ву дайындаган Жусупжан да Осмон тарапка өтүп кеткен. Ошентип 8-апрелде Кашкар шаарын бүт Осмон өзүнө каратып, бийлигин орноткон”, - деп жазат Полат Кадири.

Ал эми: “Кашкар (эски шаар) сепили коргонууга ыңгайлуу, дубалдарынын үстүнөн эки араба өтө тургандай кеңдикте болгон. Осмон кыргыз аскерлери менен түн ичинде чептин алдынан тешип жол ачып, кытайларга кокустан кол салып, Кашкар шаарын өзүнө каратып алган. Бул баатырлыгынан кийин “паша” чинин алууга татыган”, - деп эскерет окуяларда салгылашып жүргөн өзгөндүк Парпи корбашы.

Генерал Монуев жөнүндө жазылган китепте Осмон Кашкарды каратып алып, өзүн Кашкардын паашасы (падышасы) деп жарыялады деп белгилейт. Мында падыша сөзү пааша болуп калса керек деген ойду калтырган. Бирок паша сөзү Осмон империясында падышаны эмес, генерал же болбосо жогорку даражалуу аскердик чинди түшүндүргөн.

Кашкар аймагы да Осмон мамлекети менен тыгыз байланышта болгон. Ал гана эмес 1860-1877-жылдагы Жетишаар хандыгы өзүн Осмон империясынын вассалы деп жарыялаган. Стамбулдан жөнөтүлгөн курал-жарак жана аскер адамдары хандыктын аскердик тармагына кеңири кирген. Паша сөзү да ошол убактан калса керек. Ошондуктан Осмонаалынын паша чинине татыганы “генерал” деген чинди алгандыгын айгинелеп турат.

Ал эми Форбс анын генерал наамын алышын мындай жазган:

“1933-жылы 2-майда Осмонаалы кол башчылыгындагы кыргыз кошуундары Артуш тараптан Кашкарга жылып, Түмөн дарыясын өткөндөн кийин Кашкарга чабуул коюшкан. Бул согушка күбө болгон Англиянын консулу төмөндөгүчө жазган: Кыргыздар шаардын төрт дарбазасынын тең чабуул койгонго анын алдына жайгашты. Ошол жердеги уйгурларга да көтөрүлүшкө чыгууга кабар жөнөтүштү. Таяк-токмоктор менен куралданып жетип келген миңден ашуун уйгурлар кыргыздарга келип кошулду. Салгылаш түштөн кийин саат экиге чейин уланды. Натыйжада кыргыздар шаарга Тушук дарбазасынан кирди”.

Шаардагы гарнизондо кытай эмес аскерлердин баары көтөрүлүшчүлөр тарапка өтүп кеткен. Шаарда өкмөт үйүнөн башка бардык жер кыргыздардын колуна өткөн. Кашкар акими аскерлери менен өкмөт үйүндө каршылык көргөзүүнү уланткан. Бул арада кыргыз лидери Осмонаалы Англиянын баш консулдугуна көтөрүлүштүн себебин түшүндүрүп, Кашкарда кытай жана дунган башкаруусуна каршы экендигин, көз карандысыздык үчүн күрөшкө жардам берүүсүнө үмүт арткан кат жөнөткөн.

Кыргыздар Кашкарды (эски шаар) караткандан кийин, уйгурларга шаарды тонотпостон өз айылдарына кайтып кетүүсүн буйруган. Эртеси түштөн кийин Темир кол башчылыгында 300дөй уйгур көтөрүлүшчү Кашкарга келип, кыргыздардын макулдугу менен эски шаарга жайгашат. Дунган лидери Мазуха да кыргыз жана уйгурлар менен биригүүгө сөз берип, Кашкар (жаңы шаар) дарбазасына барып, кытайлар менен кыска сүйлөшүп, шаар ичине кирген. Кытайлар кыргыздардын колунан өлгөндөн көрө дунгандарга багынып берүүнү туура көргөн.

Кашкар алынгандан төрт күндөн кийин 7-майда Темир баштаган уйгурлар, Осмон баштаган кыргыздар, "Жаш Кашкар" партиясынын өкүлдөрү менен бириккен. Алар Темирди Кашкардагы мусулмандардын кол башчысы кылып шайлашкан. Бул арада Кашкар жаңы шаарга ээ болгон дунгандар ал жерди өздөрүнүн менчиги сыяктуу бийлей баштаган. Кыргыздар да кытай акими жашынып жаткан сарайга кол салган эмес эле. Ал дагы эле Кашкар (эски шаардагы) өкмөт үйүндө расмий ишин улантып жаткан. Мазуха жаңы шаарга киргенден кийин Кашкар акими Ма Шао Ву менен өнөктөш болууну ойлой баштаган. Англия консулдугунун ортомчулугу менен Мазуха жана Ма Шао Ву макулдашууга барышкан.

8-май күнү Мазуха, Ма Шао Ву жана башка кытай башкаруучулары өз орундарында кала берерин буйруган билдирүү тараткан. Буга каршы кыргыздар дунгандарга эскертүү берип коюш үчүн эски шаардын бүтүн дубалдарына аскер жайгаштырган. Абал оорлошуп баратканын сезген куу дипломат Ма Шао Ву акимдик кызматын дароо тапшырып, ордуна Мазуханы койгон. Бирок Мазуха акимдик кызматка отурбаганы менен жаңы жана эски шаардагы өкмөт сарайын өз көзөмөлүнө алган. Ал Ма Шао Вуну коргоо жоопкерчилигин мойнуна алып, өздөрүнө каршы түрк өнөктөштүгүнүн курулушуна жол бербөө үчүн кыргыздардын лидери Осмон менен уйгурлардын лидери Темирдин арасын алыстатууну ойлой баштаган.

17-май күнү дунгандар генерал Темирди кечки тамакка алдап чакырып, аны кармап алышкан. Бирок аны жаңы шаардагы аскер гарнизонуна жайгаштырбастан эски шаарда кармап турушкан. Анын планы эски шаарды да бүтүндөй көзөмөлүнө алуу эле. Муну билип калган кыргыздар менен уйгурлар шаардын дубалдарынан ашып өтүп, 18-май күнү Темирди куткарып алышкан. Мазуха менен Ма Шао Ву эски шаардагы өкмөт сарайында дунган замбирекчилеринин коргоосунда эле. Бул жолу да кыргыздар сарайга тийишкен жок. Бирок шаардын ичинде кармаган бүт кытай жана дунгандарды өлтүрүшкөн.

Кыргыздардын чабуулунан жеңилген дунган лидери Мазуха Кашкар бийлигин Темир менен Осмонго өткөрүп берүүгө макул болгон. 19-май күнү жетишилген макулдашууга ылайык, Темир аскер гарнизонун эски шаарга кура турган болду жана башкы кол башчы болуп дайындалды. Осмонго кыргыз бөлүктөрүнүн командири катары генерал чини берилди.

Мазухага расмий бир макам берилген эмес, бирок ал дунган бирдиктеринин кол башчылыгында калды. Жетишилген келишимге ылайык, Кашкар акимдигине уйгур Жунусбек менен Мазуханын дунган аскери Су Чин Шоу дайындалды. Кашкардын казына башчысы катары кыргыз Чыпак казы дайындалган. Кашкар (жаңы шаар) казына жана курал-жарак сакталган кампаны дунгандар көзөмөлдөсө, кыргыздар менен уйгурлар Кашкар (эски шаар) өкмөт сарайын өз көзөмөлүнө алышты. Бул жерде белгилей кетүүчү жагдай Полат Кадири окуяларды апрелде деп белгилесе, Форбс аны май айында деп көргөзгөн.

Эмин Бугра эмгегинде "дунгандар Кашкар каратылгандан кийин түрктөрдүн көңүлүн көтөрүү үчүн Темир, Хафыз, Кичине Ахун, Осмонаалы жана Мухаммеддин аскердик чинин көтөрүштү" деп белгилейт.

Мустафа Хазрет аттуу бир уйгур 1931-1940-жылдарда Шинжаңдагы көтөрүлүшкө активдүү катышкандардын бири. Кийин ал Меккеде мысырлык Нажип ал-Кыйлани аттуу жазуучуга жолугуп, башынан өткөргөндөрдү айтып берген. Нажип Кыйлани “Түркстан түндөрү” деген роман жазган. Дал ушул тарыхый романда Мустафа Хазрет генерал Осмон сыяктуу баатырлар менен чогуу болгонун белгилейт.

Осмон пашанын Жаркенттеги колу

1933-жылдын башында Кашкар, Ак-Суу, Турпан, Кулжа, Кучар тарапта саясий окуялар жүрүп жатканда Хотандагы: Мухаммед Нияз Алем, Сабит Дамбулла, Мухаммед Эмин Бугра, Абдуллах-хан жана Нурахмед сыяктуу лидерлер кытай бийлигин Хотандан кулатып, Хотан эмирлери Ислам Өкмөтүн түзүшкөн. Бул убакта Жаныбек казы Хотанда сүргүндө эле.

Хотанда Эмирлер Жаныбек казынын аскердик тажырыйбалары жана аброюн эске алышып, аны Хотандагы чоң бир армияга кол башчы кылышты. Жаныбек казы жана Шахмансур баштаган армия 11-апрелге чейин Гума, Каргалык, Посгам шаарларын жана Жаркентти (эски шаарды) каратышты.

Жаркент (жаңы шаарда) эки миңдей кытай жана дунган аскерлери курчоого алынды. Осмондун Кашкарда кубаттуу күчкө айланганын уккан Жаныбек казы андан жардам сурады. Осмон жүздөн ашуун аскерин жана Мазхунун 400 дунган аскерине Кошматты командир кылып, Жаркентке Жаныбек казыга жардамга жиберди. Бул арада уйгур генерал Темир Хафыз баштаган аскерлерин Жаркентке жиберген эле.

Осмон жиберген дунган аскерлери Жаркентке барганда Жаныбек казы менен Кошматка кыянатчылык кылып кытайлар тарапка өтүп кеткен.

Кыргыз, уйгур күчтөрү биригип, 26-майда Жаркентти (жаңы шаарды) багындырышкан. Дунгандар дароо кыргыздар менен макулдашуу тууралуу өтүнүч билдирген. Дунгандар кетирген катачылыктары үчүн бардык кытайларды Жаркенттен чыгарып, Кашкарга сүрүп салуу боюнча Жаныбек казыга сөз беришкен. Он кытайды да колго түшүрүп беришкен. Бирок аларга ишене бербеген кыргыздар дунгандар менен кытайларды кошуп, миң кишиден турган эки топ түзүшкөн. Кыргыздар менен уйгурлар түзүлгөн эки топтун Кашкарга кетүүсүнө уруксат беришкен.

Кашкарга жөнөгөн дунган атчан аскерлери Кызыл деген жерге келгенде Осмон пашанын кыргыз аскерлери жок кылган. Командири Кашкарга качып араң кутулган. Кыргыздар андан кийин Жаңы Гисарга (Йени Хисар) киришип, кытайлар менен дунгандарды өлтүрүшкөн, шаарды каратышкан. Муну уккан Кашкардын орток акими Сучиншоу кыргыздардын кылганына каршылык (протест) көргөзүп, Кашкар эски шаардагы өкмөт үйүн таштап, Кашкар жаңы шаардагы дунган аскер башчысы Мазуха менен бириккен. Ошентип 1933-жылдын май айларынын аягында Чыгыш Түркстандын түштүгү толугу менен кыргыз жана уйгурлардын колуна өткөн.

Жаныбек казынын сунушу менен Осмон Али бүтүн кыргыздардын башчысы болуп калган.

Кашкардагы окуялар

Бул арада Чыгыш Түркстанда жаңы бир күч пайда болгон. Алайдагы басмачылык кыймылдын лидерлеринин бири Ади корбашы (Ади Кожоев) советтик түрмөдөн качып чыгып, Алайдагы үй-бүлөсүн алып Кашкарга барган. Анын Кашкарга келиши менен айланасына көптөгөн адамдар чогула баштаган. Осмон паша ар кандай жардам берүүгө даяр экендигин билдирген.

Жаркент шаарын кытайлардан алышкандан кийин 1933-жылдын июнь айынын башында Кашкарга Хотан Ислам Өкмөтүнүн лидерлери Сабит Дамбулла, Эмир Шахмансур, Жаныбек казы миңден ашуун аскери менен келишкен.

Хотандыктарда жакшы курал-жарак жок болсо да Кашкарга Жаныбек казынын келиши Советтер Союзунун консулдугун чочулаткан. Эски басмачылардын башчысы, Советтер Союзунун душманы Жаныбек казынын Кашкарга жайгашуусу, чөлкөмдөгү көз карандысыздык үчүн жүргүзүлгөн жеңиш совет душмандарына өтүп кетет деген пикирди жараткан.

Генерал Темир менен Осмон паша хотандыктардын Кашкарга келүүсүн жактырышпаса да аларды салтанаттуу тосуп алып, Кашкардагы жаңы шаар менен эски шаар ортосундагы тилкеге жайгаштырган. Генерал Темир жана советтик консул Жаныбек казыга каршы Осмон паша менен Ади корбашыны тукура баштаган.

13-июнь күнү эртең менен Темир менен Осмон Абдурахмандын багына 750 аскер жөнөтүп, Жаныбек казыны карматкан. Аскерлерин куралсыздандырган. Жаныбек казыдан кийин Шахмансур менен Сабит Дамбулланы да Темир менен Осмон карматып, камап салышкан.

Темир менен Осмон 13-июнь кечинде Кашкарда толук өз бийлигин орноткондон кийин Сабит Дамбулла менен Шахмансурду бошотуп, аскер гарнизондоруна жөнөткөн. Бирок Жаныбек казы камакта калган. Кийинчерек июлдун аяктарында Кашкарда өткөрүлгөн жыйынга Жаныбек казы менен дунган лидери Мазухадан башка төрт түрк лидери (Темир, Осмон, Шахмансур, Сабит Дамбулла) катышкан. Алар жетишилген келишимге ылайык, Кашкар менен хотандыктардын ортосунда чек аралар бөлүштүрүлгөн.

Мазуха бардык дунган аскерлерин Осмон пашанын кысымынан Кашкарга (жаңы шаар) көчүрүп кеткенден кийин Тарым бассейнинин батыш тарабы Осмон пашага карап калган.

Мындан кийин Осмон паша Кошматты да жанына алып, 1933-жылы 18-июлда аскерлери менен Кашкардан чыгып, кыргыздар жашаган өзүнүн кичи мекени Кызыл-Ойго кеткен. Ал Кашкардагы өзүнүн ордун Ади корбашыга, Кошматтын ордун Парпи корбашыга убактылуу таштаган.

Осмондун Кызыл-Ойго кетиши ар түрдүү жазылган. Бирок Кашкар акимдигине убактылуу келген Жунусбек Кытайдын борбордук өкмөтүнө баш ийе тургандыгын, алар Шинжаңдагы анын ичинде Кашкардагы кытай заалым башкаруучуларын жок кылуу үчүн, аларга каршы күрөшкө чыккандыгы тууралуу телеграмманы Нанкинге жөнөтүүнү сунуштаган. Муну туура көргөн генерал Темир Нанкинге телеграмма жолдогон.

Нанкиндеги кытай өкмөтү алардын сунушун кабыл алган жооп келген. Бирок келген катта Осмондун ысымы аталган эмес. Кашкар шаары генерал Осмондун күчү менен алынса да ысымы аталбай калышы аны ачууланткан. "Осмон "менден жашыруун иш кылдыңар" деп, Темирдин жалпы Кашкар мусулмандарынын кол башчылыгын кабыл албай тоо тарапка кеткен" деп жазган Полат Кадири.

26-июлда Үрүмчүдөн Кожо Нияз ажынын 30 аскери менен Кашкарга келип, Темирдин Кашкар аскерлеринин кол башчысын кабылдаган кат жана мөөрдү тапшырган. Аны менен бирге Мазуханын жалпы кол башчылыгын тааныган эмес. Бирок ага каршы Темирди Мазухага каршы чабуулга өтүүгө мажбурлашкан. Темир жалгыз чабуулга өтүүгө батынбай Осмон пашаны чакырган. Мазуха бул үчүн генерал Темирден өч алуу үчүн ыңгайлуу учурду күтө баштаган. Августун башында Осмон паша Темирдин чакыруусу менен Кашкарга аскерлери коштоосунда келген. Бирок Темирдин дагы эле дунгандарга каршы согушуу ниети жок болгон. Ал гана турсун Мазуханын армиянын башчысы деген наамын тааныган. Дунгандар менен дагы жакын кызматташа баштаган.

Генерал Темирдин өз тууганы менен чогуу жүргөн кыргыздарга ишенбей, дунгандар менен бирге болуу аракети Осмон пашаны кыжырданткан. Дунгандар генерал Темирди да Осмон пашаны да көзүн тазалоо үчүн күрөшө баштаган. Осмонго Темирдин көзүн тазаланса аны генерал, “цы-жан” (Sı-cang) катары тааный тургандыгын жашыруун билдиришкен. Бирок Осмон паша аларга алданган эмес. Ошону менен бирге Темир менен дагы тил табыша албай койгон. Осмон паша Темирдин дунгандар менен согуша турган ою жок экендигин түшүнгөндөн кийин, 8-августа кайра Кашкардан чыгып кеткен.

Темир буга каршы аскерлерин Осмон пашанын артынан кубалатып, анын аскерлерин куралсыздандырууну көздөгөн. Ошондой эле "Темир кыргыз, дунгандын куралдарын тартып алат экен" деген сөз тараган. Бирок Темирдин адамдарынын Осмон пашанын тажырыйбалуу аскерлерин колго түшүрүшү мүмкүн эмес эле. Кыргыздарды кубалап кеткен аскерлеринин абалын билүү үчүн Темир өзү да Кашкардан (эски шаар) жолго чыккан. Бул мүмкүнчүлүктү дароо пайдаланган дунгандар 500 аскери менен эски шаарды басып алышкан. Темир дунгандар менен толук келишимге келбей туруп, Осмон пашанын артынан түшүшү чоң катачылык болгон. Темир артка кайтканда дунган аскер кошуундары аны кармап, башын кесип, эски шаардагы бир мечиттин алдына асып коюшкан.

Эски Кашкар акими Ма Шао Ву да мүмкүнчүлүктү пайдаланып, үй камактан чыгып, жаңы шаарга келип Мазуха менен бириккен. Дунгандар эски шаарды басып алышкандан кийин бүт курал-жарак, ок-дарыны жаңы шаарга ташып кетип, эски шаарга түрктөрдүн чабуулуна каршы аскерлерди жайгаштырган.

Осмон паша 1933-жылы 11-13-август күндөрү Кашкарга кайтты. Ади паңсат Осмон пашанын иниси Өмүр (Ардерин) менен дунгандарга барып, эски шаарда Осмон паша, жаңы шаарды дунгандар башкара турган келишим түзүшкөн. Темирдин 700 аскери, өзбек лидер Сатыбалдыжандын да аскерлери Осмон менен Адиге баш ийип калган. Уйгурлар дунгандардан өч алуу үчүн даярдык көрө баштаган. Ади паңсат аларды өч алуунун убагы бар экенин айтып токтотуп туган. Дунгандар Осмон жана Ади менен түзүлгөн келишимине карабай эски шаарды бошотушкан эмес. Буга ачууланган генерал Осмон, Мазухага Темирден алган олжону бөлүшүүгө жана 9-августа башка бир кыргыз кол башчысы Абдуллах менен чабышкан учурда тартып алган куралдардын баарын кайтарып берүүсүн талап калган кат жөнөттү. Мазуха бул талапты четке каккан.

Кыргыздар 16-августа чабуулга өтүшкөн, өч алууга даяр турган уйгурлар да кыргыздарга кошулуп дунгандарга каршы согуш башташкан. Салгылашууда Осмондун бир тууган иниси Өмүр каза тапкан. Осмон паша, Ади паңсат, Кошмат жана Парпи корбашылар тынбай чабуул жасап жатышып, Кашкарды (эски шаарды) каратып, дунгандарды жаңы шаарга сүрүп чыгышкан.

Андан кийин Кашкар жаңы шаарга чабуул жасады. Бирок толук ала алган жок. Ошентсе да тарыхый Кашкарды (эски шаар) караткандыгы үчүн, Осмон Кашкардагы түрк элдеринин кол башчысы наамын алды. Зеки Валиди Тоган аны мындай деп жазат: Темирдин өлүмүмүнөн бир жумадан кийин 18-август күнү Осмон Али Кашкар эски шаарга келип, "цы-жан" (генерал) наамы менен Темирдин ордуна отурду.

Дал ушул убактарда август айынын аяктарында Кашкарга сириялык Тевфик аттуу бир саякатчы келген. Ал бир убакта Сауд Арабия падышасы Сауд ибн Абдулазизге иштеген тажырыйбалуу аскер адамы эле.

28-август күнү кайрадан Кожо Нияз ажы Кашкарга келип, дунгандарга каршы чабуулга үндөгөн. Кожо Нияздын сунушу менен Кашкардагы уйгурлар сириялык Тевфиктин кол башчылыгына өтүп, Осмон паша менен бирге дунгандарга каршы аракетке өтүшкөн. Сабит Дамбулла да Түрк биримдиги өкмөтүн түптөө үчүн кеңешмеге Кашкарга чакырылды. Жаңы шаарга дунгандарга каршы кыргыздар менен уйгурлардын жасаган чабуулу натыйжасыз аяктап турган.

Алардын шаар дубалдарына жардыргыч орнотуп, дубалдады бузуп кирүү планы да ишке ашпай калган. Жардыргыч заттардын ордуна уйгур аскерлердин кум толтуруусу, шаарга жашыруун дунгандарга тамак-аш сатуусу, Осмон пашанын ачуусун келтирип, айрым уйгурларды оор жазалаган. Бул жазалоо уйгурлар менен кыргыздардын арасына алыстаткан. Калктын да жаңы шаарды курчоого колдоосу азая баштаган.

26-сентябрда дунгандарга каршы жасалган чабуулда Тевфик Бей жаракат алып, аскерлери менен курчоону таштап чегинген. Бул көрүнүш Осмондун да күрөштү улантуусуна көңүлсүздүк жарата баштаган. Натыйжада, 2-октябрда Осмон паша Кашкардагы түрк күчтөрүнүн командирлигинен өз эрки менен кеткен жана Сатыбалдыжан жана башка лидерлердин коштоосунда Кашкардан чыгып айылына жол тарткан.

Кашкарда пайда болгон бийлик боштугун Хотан Ислам Өкмөтүнүн премьер-министри Сабит Дамулла толтурган.

Тарыхчы Баймирза Хайит: “Кашкар Өкмөтү 16-апрелден 28-августка чейин төрт жолу алмашты. Генерал Темирдин бийлиги генерал Мазуха тарабынан, Мазуханын бийлиги генерал Осмон тарабынан, Осмондун бийлиги Сабит Дамулла тарабынан төңкөрүлдү”, - деп жазат.

Парпи корбашы эскерүүсүндө:

“Ади паңсатты өлтүргөн Абдулхалык, Кызыл-Ойдо жүргөн Осмон менен Кошматты да карматып, Кашкарга алып келип камап салган. Осмондун адамдары Орозго баш ийип калган. Абдулхалыктын бийлиги Шахмансур тарабынан кулатылып, Абдулхалыкты, камакта жаткан Осмон, Кошматты да Хотанга сүргүнгө айдаган. Осмон кийинчерек сүргүндөн өз айылына кайтып келген. Кожо Нияз болсо дунгандар менен да, хотандыктар менен да согушуп, 1934-жылы жайында Советтер Союзу менен келишим түзүп, Үрүмчүдө бир өкмөт курду. Мамысыл атындагы бир кол башчысын Кашкарга жөнөтүп, дунгандардын колунан жаңы шаарды тартып алды, дунгандар Хотанга качышкан. Мамысыл андан кийин Жусупжанды өлтүртүп, кыргыздардын башчысы Осмон пашаны өз айылында жүргөндө карматып, Үрүмчүгө жөнөтүп көзү тазаланды. Осмон пашанын адамдарынын жанан анын кийинки тагдыры белгисиз бойдон калды”, - деп жазат.

Ал эми Зеки Валиди Тоган:

"Жаңы Үрүмчү өкмөтү Шен Шицай жана Советтер Союзу биригип, Чыгыш Түркстан лидерлерин бир-бирден жок кылышты. Осмонаалы Үрүмчүгө жеткирилип, өлүм жазасына тартылды. Анын айрым адамдары Ысак (Монуев) совет агентинин башчылыгына кирди. Ысактын түзгөн 400-500 аскери Кашкардагы Осмондун калган адамдарын, Чыпак казыны жана Ферганадан качып келген басмачыларды бир-бирден кармап жок кылышты” , - деп жазат.

Форбес Осмон пашанын өлүмү болжолдуу 1935-жылы деп көргөзөт.

Жыйынтыктап айтканда, кыргыз тарыхында дагы бир баатыр, Кашкар шаарын бийлеп тургандыгы, ал кыргыздан чыккан биринчи генерал деген наамды алганын белгилеп кеткибиз келет. 1933-жылы “цы-жан” – дивизиянын, бүт армиянын генералы болгон. Ал эми биз тунгуч кыргыз генералы деп билген Ысакбек Мониевге 1937-жылы кытай өкмөтү “люй-жан” (бригада генералы) чинин ыйгарган. Ы. Мониев Осмон пашадан төрт жылдан кийин генерал деген чинди алат.

Осмон паша көз карандысыздык, азаттык үчүн күрөшкөн. Ал Чыгыш Түркстан, Кашкар аймагы, Чыгыш Теңир-Тоодо байыртан кыргыздар жашап келгенин, чөлкөмгө мамлекет курулса кыргыздарды да ага сөзсүз катыштыруу үчүн күрөшкөндүгү көрүнүп турат.

Дастанбек Разак уулу, Түркиядагы Докуз Ейлүл университетинин доктаранты

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Колдонулган адабияттар:

Монуев Абдувахаб, (2006). Генерал Ысакбек, Бишкек. 18 б.

Forbes, Andrew. D.W. (1990). Doğu Türkistan’daki Harp Beyleri, Mühin, s. 128

Kadiri, Polat (2009). (Ülke Tarihi) Baturlar, Ankara, s. 54

Özgen, Parpi (1960) Türkistan’dan Türkiye’ye, Konya, s. 48

Buğra Mehmet Emin, (1940). Doğu Türkistan Tarihi, Kabul, s. 410

el-Kıylani Necip, (2009). Türkistan Geceleri. İstanbul, s. 67.

Toğan. Z.V. (1940). Türkistan Vaziyeti. Ankara. 1940. s. 23

Hayit, Baymirza (1975) Türkistan Rusya ile Çin arasında, İstanbul, s. 311.

Абдыкулова. Р. (2014). Түркстан Хандыктары менен Осмон мамлекетинин байлныштары султандык архив документтеринде, Бишкек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG