Линктер

ишемби, 23-июнь, 2018 Бишкек убактысы 06:52

Гапар Шербай уулу Бухара медресесинде окуп келген кыргыз агартуучуларынан болчу. Айылдаштарын билимге үндөп, чыгыш адабиятынын үлгүлөрүн мыкты билчү.

Гапар Шербай уулунун тагдыры совет бийлиги тушунда кыйчалыштап, кыргыз элин өз алдынчалыкка жеткирүү тилеги ишке ашпай, 1930-жылдары коопсуздук кызматтары тарабынан камакка алынып, жок кылынган.

Гапар Шербай уулунун Кокондун кайсы жеринде, кайсы убакта атылганы артында калгандарга беймаалым калды. Куугунтук курмандыктарынын бул чыгарылышы Кадамжайдын Охна кыштагынан чыккан Гапар Шербай уулун эскерүүгө арналат.

Жаңы бийликти жактырбаган казы

Гапар казынын аталары учурунда Кокон хандыгында кызмат кылган, болгондо да айтылуу Алымкул аталыктын оң колу болуп жүргөн кишилерден экенин, алардын ишин учурунда улуу акын Молдо Нияз ырга салганын ушу азырга чейин айылдаштары эскерип келишет.

Ошондон ал бала кезинен Бухара медресесинде билим алып, Орусия оторчулугу тушунда эл бийлеген, таасирдүү кызматка жетишкен. Окуу баркын билген казы улутташтарын билим алууга үндөп, агартуучулук кылган. Анан да таасирдүү казы көркөм чыгармачылыкка шыктуу инсан болгон экен.

Чыгыш адабиятынын үлгүлөрүн мыкты билген, өзгөчө сопу акын Жазылык Кулкожо Акматтын (Ахмат Йассавинин) чыгармаларын жогору баалаган. Диний билимге өзгөчө ынтаа койгондуктан өзүнүн ичтен токтолго таппаган көркөм жөндөм-шыгын күч менен басып, көмөкөйдөгү ыр-санаттарын кагазга түшүргөндү туура көрбөй, убакты-саатынын кыйласын китеп окуу, шакирттерин тарбиялоого жумшап, кызматтык милдетине арнап салган.

Эңгезер Орусия империясынын күнкору болуп калган элинин өз алдынча болушун ойлоп, жаамы калк ислам дин эреже-мыйзамдары менен жашоосун туура көргөн. Ислам балуулуктарын диний билим менен айкалыштырып, адеп-ыйман эрежелерин так сактоону жактырган. Анын бул аракети Маргалаң үйөзүндөгү элге жагып, Гапар казы калк арасында чоң кадыр-барк тапкан. Казылык кызматынан да терең билими, элдин баарына бирдей мамиле жасаган жөнөкөйлүгү менен таасирдүү күчкө айланган Гапар казыны совет бийлиги алгач өзүнө тартуу аракетин жасаган.

Абдыкадыр Орозбековдун айкели. Кадамжай шаары. 20.7.2011.
Абдыкадыр Орозбековдун айкели. Кадамжай шаары. 20.7.2011.

Бул ишке башка бирөө эмес, анын жакын айылдашы Абдыкадыр Орозбеков тартылган. Экөөнүн азыноолок тууганчылык жайы да бар экен. Бирок мындай аракетке карабай, Гапар казы жаңы бийликке ык тартпай, ага берилип кызмат кылбай, анткен менен советтерге апачык каршылык да көрсөтпөй, жөнжай турмуш кечирүүгө өткөн. Бул дүйнөлүк революция жасап ийүүгө куштар большевиктерге жаккан эмес.

Гапар казынын жаңы бийликке ичи чыкпашына большевиктердин атеисттик саясаты да себепкер болгондур деп болжолдоого болот. Падышалык Орусия бийлиги тушунда жергиликтүү калктын диний ишенимине анчейин кысым болгон эмес.

Гапар казыга өз элинин эркиндиги, башкаларга күнкор болбой өз алдынча жашоосу маанилүү болчу. Ошон үчүн ал жаңы бийликке апачык эле каршы чыгып, жигит курап чыккан корбашы, паңсаттарды баштап алган ишинен кайтууга үндөгөн эмес. Непадам, Гапар казы ортого түшсө алардын биртобу куралын таштап совет бийлигине баш ийип бериши толук ыктымал эле. Совет бийлиги үчүн анын таасири, сөзүнүн өтүмдүүлүгү маанилүү болчу. Жаңы бийликке салкын-суз мамиле жасап, бирок ага ачык каршы чыкпай, дүйнө-мүлкүн таратып берип жөнжай турмушка өткөн казыны коопсуздук кызматы 1920-жылдардын аягында, экинчи бир маалыматта 1930-жылдардын башында камакка алып, Коконго алып барып атып салышкан.

Кадамжай районунун Ынтымак (Кутал) айылында жашоочу Гапар казынын ага-туугандары чоң атасынын сөөгү кайсы жерге жашырылганын билишпейт. Анын кайсы жерде, качан атылганы учурунда жакындарына кабарланган эмес.

Гапар казынын артында жалгыз уулу Максым калган.

Максым Гапаров
Максым Гапаров

Анын небереси, белгилүү журналист Базарбай Гапаров бабасы тууралуу баянды чоң атасы Максымдан уккан.

- Биздин тукумдар тушунда Кокон кандыгында, ал жоюлгандан Искөбүл пашага (Скобелевге) кызмат кылган бийликтеги адамдар болушкан. Бабам Шербай Искөбүл паша менен иштешкенин чоң атам айтып калчу.

Эшимбет бабабыз Кокон кандыгына кызмат кылган экен. Гапар чоң атам биздин аймактын казысы, өкүм чыгарган, колунда бийлиги бар адам болгон. Кийин совет бийлиги орногон чакта Абдыкадыр Орозбеков, Ташкен, Маргалаңдан жаңы бийлик өкүлдөрү келип казыны совет өкмөтүнө өтүүгө сурашкан экен.

Эгер ал жаңы бийликке өтсө анын таасириндеги көп адамдар бул тарапка өтмөк. Чоң атам Бухарадан окуп келген, туугандары Тешебай молдо, Жармат Максым дегендер – баш-аягы 4 – 5 киши окуп келишкен экен.

Басмачылык кыймылы тууралуу архивдик сүрөттөрдөн.
Басмачылык кыймылы тууралуу архивдик сүрөттөрдөн.

Мадамин, Жармат корбашылар совет бийлигине каршы чыгышкан. Ушулардын баарынын каржылык колдоосун чоң атам тескечү экен. Ошон үчүн Абдыкадыр Орозбеков “казы, сиз көнсөңүз, Мадамин менен Шерматты деле биз тарапка көндүрө аласыз” деп келген экен.

Булар динчил кишилер болгон. Совет өкмөтүн динге каршы турган, кайрыдиндер деп эсептешкен. Орозбеков улам-улам келгенинен чоң атам “бир туугандарым менен сүйлөшөйүн” деп, инилерине кеп айтса, алар “эмне, эми биз орус болуп кетебизби” деп болбой коюшуптур. Кыскасы, бийлигин бергиси келген эмес, мүмкүн байлыгынан кол жууп калабызбы деп чочулашкан. Советтер баарын колхоздоштуруп, ортого алып атышынан чочулашкан.

Кыргыздар ушуга чейин өзүнчө жашап келди, өзбек-кыргыз аралаш, эми дале жашай беребиз дешкен. Орустарга каршы турушубуз керек деп, кошулуп кетиштен карманышкан. Чоң атам айылдагы тың балдардын биртобун Бухара, Коконго алып барып окуткан. Максым чоң атамын айтуусунда, Гапар казыны кармап алып кетишкенде Эргешбай деген инисинен кийин дагы бир иниси бар экен. Ошол Маргалаңга чейин ээрчип барыптыр.

Артына кайтпасын билип чоң атам инисине ырдап туруп коштошкон экен. Атам анын айрым саптарын айтканын мен да элес-булас билем. Атам чыгарма жараткан, жазбаганы менен оозеки түрдө айткан деп калчу. Санжырага кызыгып, эл оозеки чыгармаларын угуп, анан чоң энем айтып калчу, Кулкожо Акматтын ырларын көп окучу деп.

Шакирттерине кийин дүйнө-мүлкүн таштап, бала-чакасына көз салышын өтүнүп, кайран чоң атам кайтпас сапарга кетерин билген экен. Анын шакирттери да кийин атылып кетишкен.

Аңгырап калган айыл

Гапар казы атылып кеткенден кийин артында калган жалгыз уулу Максымдын энеси экөө көргөн азап-тозоктор айтып отурса узун сөз.

Совет бийлигинин душманынын баласы апасы менен Охна кыштагынан көчүп, өзбек-кыргыз чек арасына жакын Ынтымак айылына отурукташат.

Айыл а кезде Кутал деп аталчу. Тоо арасындагы салкын жерден кайнаган ысыкка, шарты катаал жерге байыр алуу совет бийлигиндеги көчмөн турмуштун бир көрүнүшү эле. Гапар казынын жалгыз уулу Максым кийин Улуу Атамекендик согушка катышып, жарадар болуп туткунга түшүп, канмайдандан аман айылына кайткан.

Максым жашында атылып кеткен атасы тууралуу кээде балдары менен неберелерине айтып берчү. Азыр эми казыны билгендер, уккандар дээрлик жок.

А бирок ага-туугандар арасында Гапар казы тууралуу кеп болот. Ынтымак айылынын тургуну Абдырашид Сатыбалдиев Гапар казы тууралуу кеп кылыш, аны эскерүү керек дейт.

- Гапар казы совет бийлигине чейин, кийин совет бийлиги кезинде жашап өткөн улуу инсан. Биздин чоң аталарыбызды асып, камап, атып, бала-чакасын Ташкен жакка сүргүнгө айдап, айылыбызда адам калбай учурлар өткөн экен. Гапар казы чоң атабыз Бухарада билим алган киши. Бай десе эле күтүрөгөн мал айдаткан чоң бай болгон эмес. Жаңы бийлик башында буларга тийген эмес, уюштуруу иштерине киришкен. Кийин алардын мал-мүлкүн тартып алып, динине, дилине кысым көрсөткөндө чочулай башташкан. Мал-мүлкүнөн ажыраганына анча деле күйбөй, бирок кыргыздын кыргыздыгы сакталып калабы же калбайбы деп чочулап, элдин өз алдынчалыгын сактап калуу үчүн күрөшкөн.

Анан да динди сактап калуу күрөшү чыккан. Элдин эркиндиги, динди сактоого ачык күрөшкө чыккандарды басмачы дешип, аларды атып, асып, жок кылып, Ташкенде, Ошто камап, бала-чакасын Ташкенге сүргүнгө айдап жиберишкен. Гапар казы чоң атабыздан бир уул, бир кыз калган. Эгемендик келгенге чейин басым-кысымда келген анын укум-тукумдары биз да эл экенбиз, ушундай улуу инсандарыбыз бар экен деп ойлой баштадык.

Гапар казы динге берилген киши болгон, ошондон ал эч качан сүрөткө түшкөн эмес. Учурунда билим алып, диний-клерикалдык адабияттын биртоп үлгүлөрүн мыкты билген Гапар казынын качан төрөлгөнү, кайсы жылы совет бийлигинин душманы катары атылып кеткени такталбай калган.

Айрым маалыматта казы 1880- же 1882-жылы төрөлгөнү, 1920-жылдардын аягында же 1930-жылы атылганы айтылат.

Советтик бийликтин каарына калган агартуучу тууралуу маалымат жашырылып, кыйла жылдар анын атынын аталышына тыюу салынып келди. Анын себеби деле белгилүү: таасирдүү казы жаңы бийликке каруусун казык кылып кызмат кылса деле “эл душманы” катары баары бир атылмак.

Ага Гапар казыны жаңы бийликке тарткан Абдыкадыр Орозбековдун кайгылуу тагдыры күбө. Жаңы бийлик эртеби-кечпи аны алып барып жок кыларын сезип, артында калчу туягынын келечегин ойлоп, чогулткан өлүү дүйнөсүн ишенимдүү делген кишилерге табыштап отурбайбы. Бирин экинчисине бир заматта душман кылып койгон заманда казынын өлүү дүйнөсү тууралуу маалыматты билгендердин көзү өтүп, жаш баласы менен жесир калган аялы кыйын турмушка баш бербей уулун эрезеге жеткирип, Гапар казынын өтүнүчүн аткарган.

Гапар казы акындыкты эмес акимдикти тандап алып, ошондон тагдыр жолу кескин өзгөрүлүп, аягы кайгылуу аяктады. Жаш кезинде жок кылынган улуу инсандын артында калган урпактары ушу тапта чогуу бир айылда жашашат.

Гапар казынын бул дүйнөдө артына калтырган эстелиги - анын небере-чөбүрөлөрү, эл үчүн жасаган азыноолок эмгеги.

Кадамжай районунун Охна кыштагында ушу кезге чейин “казынын багы” деген жер, Гапар казынын өз колу менен эккен багынын орду, аны тегерете тостурган коргондун орду бар. Кыргыз деп жашап, элинин өз алдынча болушу үчүн колунан келген аракетин жасаган улуу инсандын эмгегин артында калган калкы эстей жүрүшү абзел.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG