Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:37

Казакстан Түркиянын пилотсуз учактарын чыгарат


ANKA пилотсуз учагы. Стамбул, 20-сентябрь, 2018-жыл.
ANKA пилотсуз учагы. Стамбул, 20-сентябрь, 2018-жыл.

Түркиянын Türk Havacılık ve Uzay Sanayii AŞ (TUSAŞ) мамлекеттик аэрокосмос компаниясы менен «Казахстан инжиниринг» компаниясы кызматташтык тууралуу келишимге кол койду.

Анын алкагында түркиялык ANKA чабуул коюучу пилотсуз учактары Казакстанда чыгарылмакчы. Бул тууралуу КазТАГ агенттиги түрк компаниясына таянып жазды. Тиешелүү келишимге казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин Анкарага мамлекеттик сапары учурунда кол коюлду.

Кабарга ылайык, пилотсуз учактардын бул түрү биринчи жолу Түркиянын сыртында жасалат.

Сөз болгон дрондор 350 килограммга чейин жүк ташый алат, танктарга каршы 8 ракета же төрт авиа бомба ташууга кудуреттүү. Түрк аскерлери андай жабдууну 2020-жылы Сириядагы операция маалында колдонгон.

11-майда Казакстандын Коргоо министрлиги эки тараптуу аскердик кызматташтыкты тескеген бир катар документтерге кол коюлганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG