Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:27

Министрлик мугалимдин көбөйтүлгөн айлыгы туруктуу сакталарын билдирди


Бишкектеги мектептердин бири. Архив сүрөт.
Бишкектеги мектептердин бири. Архив сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдердин айлык акысы сентябрь айынан тартып да көбөйгөн боюнча туруктуу сакталарын маалымдоодо. Министрликтин басма сөз кызматы 12-майда тараткан маалыматка ылайык, 1-апрелден тартып көбөйтүлгөн айлык акы сакталат.

"Министрлер кабинетинин чечими боюнча орто мектептерде жана бала бакчаларда иштеген мугалимдердин айлык акысы саатына эмес, оклад катары төлөнө баштады. Ошондой эле төмөнкү базалык ставка белгиленди, буга жараша оклад эсептелет" деп жазылган маалыматта.

Жаңы окуу жылында мугалимдерге 1,5 ставкадан ашык иштөөгө уруксат берилбейт. Ал эми 1-апрелден тартып көбөйтүлгөн айлык акы кемитилбей сакталат.

Бюджеттен каржыланган жалпы билим берүү тармагынын кызматкерлеринин айлык акысы 1-апрелден тартып 50-80% чейин көбөйтүлгөн. Анын ичинде педагогдуку 80%, административдик башкаруу кызматкерлериники 50%, техникалык жана кенже кызматкерлердин айлык акысы 80% көбөйдү.

Кыргыз өкмөтү мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көбөйтүү максатында бюджеттен 26 млрд. сом кошумча бөлгөн. Анын 16 млрд сому билим берүү тармагына кетти. Азыркы маалымат боюнча, дарыгердин айлыгына 50%, маданият чөйрөсүндө иштегендердин акчасына 80% кошулду.

11-майда интернеттеги социалдык түйүндөрдө күзүндө мугалимдин айлыгы кайра азайышы мүмкүн, себеби акча иштин көлөмүнө жараша көбөйтүлүп жатканы тууралуу маалымат чыккан. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG