Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:21

Журналисттер жана активисттер үчүн киберкоопсуздук кызматы түзүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда журналисттер жана активисттер үчүн киберкоопсуздук боюнча акысыз кызмат түзүлдү. Tech4Society долбоорун ISOK (Интернет коомчулугунун кыргыз бөлүмү) коомдук бирикмеси, Nothing2Hide программасы жана “Сорос-Кыргызстан” фонду ишке ашырууда.

Tech4Socity – жарандык коомду, активисттерди жана журналисттерди колдоо максатында санариптик коопсуздуктун көйгөйлөрүнө ыкчам жардам көрсөтүү үчүн атайын иштелип чыккан сервис.

Долбоордун алкагында кыргыз жана орус тилдеринде техникалык жардам көрсөтүүчү колл-борбор күнү-түнү иштейт.

Tech4Society долбоорунун жетекчиси Нурбек Арзымбаевдин айтымында, жыл башынан бери эле ондон ашык журналист жана активист аккаунту бузулганын билдиришкен, 2019-жылдын аягында бажыдагы коррупция тууралуу журналисттик иликтөө жарыялангандан кийин жалпыга маалымдоо каражаттары болуп көрбөгөндөй DDoS чабуулдарга дуушар болушкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG