Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

Кумаркана мыйзамы биринчи окуудан өттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз парламенти чет элдик жарандар үчүн казино ачууга жол берген мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

Жогорку Кеңеш кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда 56 макул, 13 каршы болгон добуш менен колдоп берди.

"Оюн-зоок маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" деп аталган мыйзам долбоору 11-майдагы парламент жыйынынын күн тартибинде болгон эмес. Түштөн кийин сунушталып, алгач жабык карала баштап, кийин айрым депутаттардын нааразылыгы менен жыйынга журналисттер киргизилди.

Кумаркана мыйзамы кандай иштейт?

Долбоорду экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Улан Сарбанов парламентте коргоп, мыйзамдын максаты инвестиция тартуу, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө шарт түзүү экени белгиледи. Сарбанов мыйзам долбоору экинчи окууга чейин жакшылап иштелип чыгарын айтты.

Улан Сарбанов.
Улан Сарбанов.

“Кыргыз Республикасынын жарандарына тыюу салынат. Тыюу салуунун механизмдери акт менен жазылып чыгат. Учурда ИИМ менен анын чараларын алдын ала кеңешип жатабыз. Бул суроолор иштелүүдө”, - деди Сарбанов.

Кумарканаларды юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр ача алат. Кыргызстандын жарандарына жана 21 жашка чыга элек чет өлкөлүктөргө кирүүгө тыюу салынат. Каржылык көзөмөл кызматынын башчысы Сарбановдын айтымында, курманканалар үчүн салык жыл сайын көтөрүлүп, болжол менен казынага 2022-жылы 1 млрд. сомдон ашык, 2024-жылы 2 млрд. сомдон ашык каражат түшөт.

Мыйзам долбоорунун баяндамасында, кумаркана түрлөрүнүн салык ченемдери айтылды.

Ага ылайык, казино жана онлайн казинонун үстөлү үчүн 2022-жылы 750 миң сом, 2023-жылы — 1 миллион, 2024-жылы — 1,25 миллион сом болот.

Ал эми оюн автоматтары үчүн 2022-жылы 50 миң сом, 2023-жылы — 75 миң, 2024-жылы тартып — 100 миң сом.

Букмекердин жана тотализаторлордун 1 кассасы үчүн 2022-жылы 200 миң сом, 2023-жылы 350 миң, 2024-жылдан тартып 500 миң сом салык салынат.

Лицензия 10 жылга берилип, анын баасын Министрлер кабинети аныктайт. Кыргыз жаранын кумарканага кирүүгө тыюу салган эреже бузулган учурда 100 миң сом айып салынат.

Казиного каршы жана макул эл өкүлдөрүнүн жүйөсү

Парламенттеги талкууда эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү кумарканаларга кыргыз жарандарын киргизүүгө тыюу салууну тыкыр көзөмөлдөө менен мыйзам долбоорун колдой турганын билдиришти. Депутат Нурлан Шакиев мындай деди.

Нурлан Шакиев.
Нурлан Шакиев.

“Расмий түрдө казиного тыюу салынган. Анткен менен алар кадимкидей иштеп жатканы ачык айтылууда. Казинодо адам өзү акыл-эси менен чечим кабыл алышы керек. Чоң коркунуч жаш балдар азгырылып кетпей тургандай болушу керек. Бул мыйзам долбоорун алып чыгуу экономикалык абалдагы айласыздыктан болуп жатат”, - деди депутат.

Шакиев кумарканалардын салыгы менен тышкы карыздан кутулууга болорун кошумчалады. Бирок, эл өкүлү Исхак Масалиев казинонун акчасы менен казынаны толтуруу мүмкүн эмес экенин айтып, мыйзамга каршы пикирин билдирди.

“21-кылымда биз чет өлкөлүк жарандарды алып келип, чөнтөгүндөгү акчаны алабыз деген туура эмес. Кошуналар ким? Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Кытай. Демек, ошол элди бизге келип акчаңарды уттургула, биз акча табалы деген максат туура эмес. Жабылганга чейин 500 млн. сом төлөгөн болчу. Анда ондон ашыгы иштечү. Эми силер 5 млрд. сомго чыгабыз деп жатасыңар. Андай болбойт”, - деди Масалиев.

Казинолордун ачылышына жол берген мыйзамга каршылардын бири, депутат Нуржигит Кадырбеков кыргыз жарандарын киргизбөө тыкыр көзөмөлдөнөт дегенге кепилдик жок экенин айтып, далай кишилер кумардын курмандыгы болорун эскертти.

Нуржигит Кадырбеков.
Нуржигит Кадырбеков.

“Эми айтып жатышат, " мынча миллиард түшөт экен" деп. Чынында андай деле болбойт. Эч нерсе өндүрбөстөн бирөө топтогон акчаны алуу болуп жатат. Азыр түкүрбө деген мыйзам аткарылган жок. Жолдо МАИ жок жерде башкача айдайбыз. Бизде мыйзам менен тыюу салып кое берет. Бирок, аны айланып өткөн жолдорун таап алабыз”, - деди Кадырбеков.

Анткен менен Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев Кыргызстан светтик өлкө экенин белгилеп, казино гана эмес жеңил баңгизатка уруксат берген мамлекеттерди мисалга тартып, өкмөттүн казынаны толтуруу сунуштарын колдоого чакырды.

“Айлык көтөрүлдү, социалдык курулуштарга акча керек. Динди айтып жатышат. Кыргызстан ислам эмес, светтик өлкө. Дин менен карап маселе чечпеши керек. Ал эми кесиптештерим айткан мыйзам долбоорундагы чийки жерлерин, механизмдерин иштеп чыгышы керек”, - деди Малиев.

Президент Садыр Жапаров менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналисттерге берген маектеринде мыйзам долбоорун колдой турганын билдиришкен.

2021-жылы депутаттар Бактыбек Турусбеков жана Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл облусунун аймагында кумаркана жайларын ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун сунуштап, талаш-тартыштардан кийин артка кайтарып алган.

Президент Жапаров кызуу талкуу жараткан казинолор тууралуу мыйзамды колдоп, кумарканаларды Ысык-Көл облусунда гана эмес, Кыргызстандын бардык аймагында ачууну сунуштаган.

Өлкөдө кумар оюндарына мындан он жыл мурун мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар чыккан.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG