Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:05

Самара Токтакуновага ТҮРКСОЙдун жогорку даражадагы алтын медалы тапшырылды


Сыйлыкты Самара Токтакуновага министр Азамат Жаманкулов тапшырды.
Сыйлыкты Самара Токтакуновага министр Азамат Жаманкулов тапшырды.

СССРдин жана Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, белгилүү комузчу Самара Токтакуновага ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун жогорку даражадагы алтын медалы тапшырылды.

Сыйлыкты залкар комузчуга 11-майда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов тапшырганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

ТҮРКСОЙ сыйлыгы Самара Токтакуновага апрель айында өткөн "Салттуу музыка күнүнүн" алкагында ыйгарылып, улуттук салттуу музыка өнөрүнө кошуп жаткан жигердүү салымы жана түрк дүйнөсүнүн маданиятын сактоого, өнүктүрүүгө кошкон бараандуу салымы үчүн тапшырылганы белгилүү болду.

ТҮРКСОЙ уюму 1993-жылы түрк тилдүү өлкөлөрдүн жалпы материалдык жана маданий мурасын коргоо жана өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Катчылыгы Түркиянын Стамбул шаарында жайгашкан. Ага Азербайжан Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан мүчө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG