Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:27

ТИМ: Бир айда Орусиядан 15 “Жүк-200” келди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку бир ай ичинде Кыргызстанга Орусиядан бул өлкөдөгү элчилик аркылуу 15 “Жүк-200” алынып келинген. Бул тууралуу маалымат Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн апрель айындагы ишмердүүлүгү боюнча баяндамасында жарыяланды.

Мекеменин маалыматына караганда, маркумдардын жакындарына укуктук жардам көрсөтүлгөн, мыйзамга ылайык сөөктү жеткирүү үчүн акчалай жардам төлөнүп берилген.

Чет жакта жашаган кыргызстандыктар арасында каза болгондордун саны жыл сайын 300дөй экени чет өлкөгө чыгып жаткандардын өмүрүн милдеттүү түрдө камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорунун негиздемесинде былтыр айтылган.

Расмий маалымат боюнча, азыр бир миллиондон ашык кыргызстандык Орусияда иштейт. Андан сырткары башка чет мамлекеттерде да эмгектенишет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG