Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:05

"Исламды илимге жана демократияга каршы койбош керек"


"Исламды илимге жана демократияга каршы койбош керек"
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:25 0:00

АКШдагы Сан-Диего университетинин профессору Ахмет Куру калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн өлкөлөрдүн башкаруу системасы, саясий-экономикалык, социалдык абалын изилдеген. Алардын көбүндө авторитардык башкаруунун өкүм сүрүп жатышы, экономикалык жана башка эл аралык көрсөткүчтөрдө артта калуусунун себептери талданган.

Ахмет Куру өзүнүн изилдөөсү, Борбор Азиядагы диний кырдаал жана буга байланышкан маселелер тууралуу "Азаттыкка" маек курду.

- Калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн 50 өлкөнүн саясий-экономикалык абалы, калктын жашоо-турмушу боюнча изилдөө жүргүзгөн экенсиз. 50 өлкөнү кантип тандап алдыңыз? Изилдөөдө эмнелер камтылып, кандай критерийлер менен бааланды?

- Дүйнөдө эки жүздөн ашык өлкө бар, анын элүүсүндө калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзөт. Басымдуу дегенде, ал жерде жашагандардын 51 пайыздан көбү мусулмандар дегеним. Ислам конференциясы уюму деген бар (азыр Ислам дүйнөлүк жардамдашуу уюму). Бул топко ал өлкөлөрдүн баары мүчө. Мен аларды тарыхтан азыркы учурга чейинки авторитардык режимдин уланышы, социалдык-экономикалык жактан өнүкпөй жатканын изилдедим.

- Изилдөөнүн жыйынтыгында элүү өлкөнүн 45и авторитардык экенин айтып жатасыз. Бул жагдайга кайсы факторлор себеп болушу мүмкүн?

- Мусулмандар көп жашаган өлкөлөрдөгү негизги көйгөйлөрдүн бири - рантье же чийки затка байланган экономиканын пайдубалынын түптөлүп калганы. Тагыраагы, мунайга байланган экономика. Мунайды, газ, алтын жана башка табигый байлыктарын пайдаланып, экономикасын жөндөп турат. Мындай учурда өлкөдөгү коомчулуктун жана жеке ишкерлердин мүмкүнчүлүгү чектелет. Бул өлкөлөрдө авторитаризмдин орноп калуу ыктымалдыгы жогору. Карай турган болсок, мусулмандар көп жашаган өлкөлөр дүйнөнүн төрттөн бирин түзөт. Алар дүйнөдөгү мунайзаттын 60 пайызына ээлик кылат. Иран, Сауд Арабиясы, Казакстан сыяктуу алдыдагы өлкөлөр рантье экономикасынын таасирин жанындагы кошуна өлкөлөргө да тийгизип турат. Биз сөз кылып жаткан өлкөлөрдө авторитаризмдин болушунун биринчи себеби ушундай.

Экинчиси - бул аймактардагы социалдык-экономикалык көйгөйдүн курч бойдон калып жатканында. Мисалы, сабаттуулуктун көрсөткүчтөрү, мектептердин жеткиликтүүлүгү, билим берүүдө Батыш Европа өлкөлөрүнөн артта калып жатканы. Бул фактор да авторитаризмдин өмүрүн узартат.

Үчүнчү дагы бир маанилүү жагдай - мамлекет менен дин аалымдарынын альянсына байланыштуу. Мен бул тууралуу китебимде да баса белгилегем. Мында дин өкүлдөрүнүн бийлик же мамлекет менен тыгыз мамиледе болушу жана ортодогу чек аранын так аныкталбаганы да бир маселе. Башкача айтканда, саясий топ динди да, экономиканы да, интеллектуалдык өнүгүүнү да башкарат жана демократиянын жайылышына жол бербейт.

- Адамдык өнүгүүдө, башка дүйнөлүк көз карандысыз рейтингдерде мусулмандар жашаган өлкөлөр алдыңкы катарга кирбейт. Муну жогорудагы авторитардык түшүнүккө байланыштырууга болобу? Артта калууга же жай өнүгүүгө кайсы факторлор себеп болууда?

- Сөз болуп жаткан өлкөлөрдөн башка мамлекеттер, тагыраагы, калкынын басымдуу бөлүгүн башка диндегилер түзгөн өлкөлөрдүн 60-70 пайызында демократиянын жайылганын көрүүгө болот. Мусулман өлкөлөрүндө бул көрсөткүч 10 гана пайызга жетет. Бул жердеги маанилүү критерий - шайлоолор. Көз карандысыз негизде өтүп, бардык жарандардын катышуусуна укук берилиши керек. Арийне, шайлоолор гана өлкөнү демократиялуу кылып койбойт. Сөз эркиндиги, жарандык биригүү, уюшуу укугу, партиялардын өзүнүн ишмердигин кеңири жүргүзө алганы да маанилүү.

Ушул критерийлер менен караганда, араб өлкөлөрүндө демократиялык өлкө жок эле. Кийин бир гана Тунис демократияга ыкталып, бирок быйыл ал өлкөнүн президентинин чечими менен ал жердеги демократия да жок болду. Бул жагдайга саясатчылардын да, мурдатан бери келе жаткан тарыхый-маданий көйгөйлөрдүн да эпкини тийди. Диний, байистик түшүнүктөр демократияга үндөбөйт. Мен китебимде мунун себептерин талдаганга аракет кылдым. Диний идеологиялардын демократияга салкын мамиле кылышынын бир себеби тарыхка, орто кылымдардагы абалга да байланыштуу. Имам Газали, Ибн Таймия, Маварди сыяктуу мусулман агартуучулардын айткандарын диний ыйыктык катары кабыл алып, талдабай туруп бүгүнкү күнгө жеткиришкени авторитаризм болуп калат. Секулярдык топтун идеологиясында, алар аскердик жетекчилер тарабынан дайындалганы үчүн борборго же мамлекетке гана кыйшаюусуз баш ийишкени, колониялык түшүнүктүн, мисалы совет, француз, англиялык колониализми да коомду авторитаризмге түрткөн бирден бир фактор болуп саналат.

- Сиздин изилдөөлөрдө Кыргызстан тууралуу да айтылабы?

- Изилдөөдө Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан өзгөчө мааниге ээ. Китепте коюлган маанилүү суроолордун бири мусулмандар көп жашаган өлкөлөрдүн өнүгүү, социалдык-экономикалык жактан артта калганын байкайбыз. Бирок алардын тарыхына көз чаптырсак, прогрессивдүү, алдыга озгон коом экенин көрүүгө болот. VIII-XII кылымдарда Борбор Азия, Иран, Ортоңку Чыгыштын калган бөлүгү, Түндүк Африкада дүйнөнүн эң чоң шаарлары курулган. Кытайга удаа эле Багдат, Самкарканд, Шам, Бухара сыяктуу шаарларда билим менен философия, экономика да өнүккөн. Кыргызстан жайгашкан Борбор Азия ошол кезде дүйнөлүк философиядан да алдыда болчу. Бул доордо Батыш Европа артта калып, эч бир тармакта өнүгүү болгон эмес. Мисал келтире турган болсок, борбор азиялык мусулмандар Кытайдан кагаз чыгарганды үйрөнүп, Ортоңку Чыгышка жайылтты. Багдат, андан кийин Каир, ошол учурда мусулмандардын колунда болгон Испанияда кагаз индустриясы иштей баштады.

Ахмет Куру, АКШдагы Сан-Диего университетинин профессору.
Ахмет Куру, АКШдагы Сан-Диего университетинин профессору.

Беш кылым бою мусулмандар кагазды колдонуп жатканда, Батыш Европа жаныбарлардын терисине жазып жүргөн. Ошол үчүн мусулмандардын Багдатта, Самаркандда, Бухарада, Каирде, Кортубада жүз миңдеген китеби бар китепканалары болгон. Батыш Европанын китепканаларынын текчелеринде болгону 100-200 гана китеп болор эле. Борбор Азия менен Ортоңку Чыгышта мусулмандар дүркүрөп өнүгүп турган. Кийин эле Батыш Европа басмакананы ойлоп таап, миллиондогон китептерди чыгарды. Мусулман коомчулугуна бул басмакана эмне үчүн 300-400 жылдан кийин араң келди? Артта калуунун чыныгы себеби эмне? Китебимде ушул суроого жооп издедим.

- Ислам тарыхындагы "Алтын доор" же болбосо VIII-XII кылымдагы өнүгүү доору тууралуу сурагым келип жатат. Ошол кездеги ар тараптуу өнүгүүнүн негизги себептери эмнелер болгон? Же болбосо азыр ошол жыйынтыкка жетүү үчүн эмне жетишсиз болуп жатат?

- Бул аябай маанилүү суроо. Ошол учурдагы өнүгүү коомдогу эки топтун арты менен ишке ашты. Биринчиси - соодагерлер тобу. Буга буржуазия, ишкерлер, экономикалык жактан киреше тапкандар деп койсок да болот. Ошол учурда күчтүү соодагерлер катмары бар эле. Борбор Азиядан Түндүк Африкага чейин барып соода кылып турушкан. Алар финансылык жактан ачылыштарды да жасашкан. Азыр колдонуп келген чектерди ошолор ойлоп таап, чек менен векселдерди кийин Европанын банктары да колдоно баштаган. Бул соодагерлер классы дин аалымдарын, философторду байлыгы, мүмкүнчүлүгү менен колдоп турушкан.

Алтын доорду пайда кылган коомдун экинчи классы болсо, ой жүгүрткөн, билимдүү катмар болгон. Алар диний, философиялык, илим-билим жаатында иштешкен. Олуттуу изилдөөнүн жыйынтыгында, 850-1050-жылдар аралыгында жашаган төрт миң Ислам аалымдарынын 90 пайызы жеке ишкердик менен күн көрүп, өкмөттөн, бийликтен акы алган эмес. Алардын он пайызынын гана оокатын өкмөт камдап берген. 11-12-13-кылымдарда бул көрүнүш өзгөрдү, өз алдынча иш кылып, нан тапкандын ордуна феодалдык доор, жерлерди өкмөт бөлүштүргөн мезгил башталды. Бийлик экономиканы да көзөмөлдөй баштагандан кийин соодагерлер классы алсырай баштады. Анын жыйынтыгында аалымдар же диний агартуучулар катмары мамлекеттен айлык ала турган абалга түштү. Медреселер илим менен философия көп окутпай турган болду. Ушунун арты менен ислам дүйнөсүндө экономикалык жактан да, билим-илим боюнча да өнүкпөй, бир жерде туруп калды.

Ахмет Курунун "Ислам, авторитаризм жана артта калуу" китеби.
Ахмет Курунун "Ислам, авторитаризм жана артта калуу" китеби.

- Борбор Азия өлкөлөрүндөгү дин менен саясаттын айкалышы, ар кандай кооптуу чакырыктар тууралуу кандай баа бере аласыз? Тенденция кайсы нукта өнүгүп жатат?

- Келечек үчүн Борбор Азиянын ролу жогору. Бир жагынан алганда өтмүшүндө алтын доорду башынан өткөргөн, бай тарыхы бар. Экинчиден, Совет доорунан кийин Орусия, Кытай, Индия жана Ортоңку Чыгышты байланыштырчу көпүрө десек да болот. Борбор Азия билим, өнүгүү жагынан мурунку тарыхын кайталап, ренессанс жасай алса, мусулмандар көп жашаган башка өлкөлөргө да өрнөк боло аларына ишенем.

- Динден мамлекетти бөлүү керек деген ойду айтыпсыз. Секуляризм ансыз деле ошол максаттын аткарылышы эмеспи. Бул сиз айтып жаткан өлкөлөрдүн көпчүлүгүнүн Баш мыйзамында жазылган норма. Дин менен мамлекет кантип экиге бөлүнүшү керек сиздин айтып жатканыңыз боюнча?

- Он жыл мурун байистүүлүк тууралуу жазган элем. Америка, Франция жана Түркияда байистүүлүк же секуляризм кантип орноду жана алардын кандай айырмачылыктары бар деп токтолгом. Негизи Батышта мусулмандарда байистүүлүк болбойт деген туура эмес түшүнүк калыптанып калган. 50 мусулман өлкөнүн 22синин Баш мыйзамында секуляризм камтылган. Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Түркия, Африкадагы Сенегал, Мали өлкөлөрү Баш мыйзамына секуляризмди кошкон. Секуляризмдин маанилүүсү диний кысым-басым болбой, дин тутуу эркиндигин сунуу менен дин тутунган адамдарга карата коркутуулардын болбошу.

Дагы бир туура эмес көз караш - Ислам секуляризмге уруксат бербейт дегени. Муну мусулмандардан да айтып жүргөндөрү бар. VIII-XI кылымда диний лидерлер менен саясатчылардын ажырымы бар эле. Кийин бийлик менен дин аалымдары биригип кетти да, философия да, сөз, ой жүгүртүү эркиндиги да чектелип калды. Мусулмандардын алтын доорунда дин агартуучулары менен бийликтин ортосунда аралык сакталып турган. Дин аалымдары мамлекеттен акы алышчу эмес. Мисалы, белгилүү Абу Ханифа Аббасилердин башчысы мамлекеттик кызматты аркалоо сунушунан баш тарткан. Ал өзү жибек өндүрүп иштеп, казынадан айлык алчу эмес. Падыша анын бул кылганы үчүн зынданга каматат да, аягында ууландырылып өлтүрүлгөн. Алар диний баалуулукту коргоо үчүн саясаттан алыс болушкан. Алар өздөрү эркин аянтчаны түзүп, башка диндердин өкүлдөрү менен биргелешип, пикир, соода өнүгүүнү жолго коюшкан. Азыркы учур да ушундай плюрализмди, динамиканы талап кылып тургандай.

- Мусулмандар басымдуу өлкөлөрдө, анын ичинде Борбор Азияда да динге демократияны каршы койгондор бар. Мусулман коомчулугунун бул эки түшүнүктү бири-бирине каршы койгонунун себеби эмнеде?

- Мунун бир себеби модернизмге, Батышка болгон жек көрүү десек болот. Мусулман коомчулугунда бул боюнча радикалдуу көз караштагы топтор бар. Африкада "Бокохарам" деген радикал уюмду билесиздер, ал “Батыштын илими арам” деген принципти карманат. Мусулмандардын тарыхына көз чаптырсак, аларда плюрализм түшүнүгү, ар түрдүүлүк бар эле. Андан кийин да бир канча мусулмандар өлкөсү парламентаризм, демократия менен жашады. Мисалга алсак, Осмон падышачылыгы 1870-жылдары көп диндүү парламентин негиздеди, анын 60 пайызын мусулмандар, 40 пайызын христиандар, жөөттөр жана башка дин өкүлдөрү түзгөн. Күнүбүздө демократиянын жактоочуларын "Американын агенти же Батыштын түшүнүктөрүн алып келип жатат" деп айыптоо туура эмес. Мусулмандар негизинен эле эркиндикти сүйгөн, дин менен мамлекетти белгилүү чек менен бөлө алган, демократиялык система курса болот. Курушу керек, анткени Ислам адилеттүүлүктү талап кылат. Авторитардык режимде адилетсиздик көп болот. Алдыда меритократиялык, демократиялык системанын мусулмандарга ылайыкталып иштелип чыгышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бул аракеттер Батышты тууроо катары кабыл алынбашы керек.

- Китебиңизде өнүгүү үчүн экономикалык эркиндик керек деп жазыпсыз. Авториторизм калыптанган өлкөлөрдө экономикалык же жалпы эле эркиндикти өнүктүрүү боюнча сүйлөшүү канчалык реалдуу? Анын жанында эркиндикти чектен чыгуу деп кабыл алгандар да бар. Авторитаризм басымдуу өлкөлөрдө эркиндик сөзү кантип туура чечмелениши керек?

- Саясий, экономикалык, диний эркиндиктер бири-бирин толуктап турат. Ошол себептүү бардык тармакта эркиндиктин болушу маанилүү. Азияда Кытай сыяктуу авторитардык режимдеги өнүккөн өлкөлөр бар. Ортоңку Чыгышта да мындай болушу мүмкүн эмеспи? Менин жообум мындай. Кытайдын бул системасынын узак мөөнөттүү планда канчалык ийгиликсиз болорун көрө жатарбыз. Балким, келечекте ал дагы Тайвань же Түштүк Корея сыяктуу демократияга бет алар. Авторитардык режимди карманган бойдон калса, экономикалык көрсөткүчтөр төмөндөшү мүмкүн. Бирок авторитаризм болгону менен билим берүүгө басым жасайт, аскердик кагылышуулар жок, экономикасы өндүрүшкө байланышкан. Сөздүн башында айткандай, Ортоңку Чыгыш өлкөлөрүндө чийки заттардан турган, рантье экономикасы, тагыраагы, мунай менен гана жан багышат, өндүрүш жок. Билим берүү, агартуу саясаты артта калган. Мындай улана берсе, аскердик кагылышуулар, Йемен, Сириядагыдай окуялар болуп, натыйжада артта кала беришет. Азиядагы өлкөлөрдө авторитаризм болгону менен өнүгүүгө бет алган система курулган, мындай көрсөткүчтөр Ортоңку Чыгыш өлкөлөрүндө байкалбайт.

- Эркиндик темасын улай. Мында ой жүгүртүү, тандоо эркиндиги канчалык маанилүү? Мусулман коомчулугу бул түшүнүктөрдө артта калган эмеспи?

- Тилекке каршы, аябай эле артта калып жатат. Мисалы, динге акарат кылгандарды жана андан чыкканды жазалоону алалы. Бул маселеде мусулмандар көп жашаган өлкөлөр алдыда турат. Пакистан, Сауд Арабияда, Иранда бул маселеде катаал чаралар колдонулат. Мындай учурда ой жүгүртүү, тандоо эркиндиги чектелет, же толугу менен жоголот. Андан тышкары мамлекеттин экономика тармагындагы кысымдары да, англисчеде брейн дрейн деп коёт, бул акыл мээлердин көчү. Араб өлкөлөрүнүн көбүндө, азыр Түркияда да башталып жатат. Медицина жаатындагы адистер, илимпоздор Европага, Америкага кетип жатышат. Эгер аларга өз өлкөлөрүндө эркиндик берилгенде, акылдуу, прогрессивдүү кадрлар Ортоңку Чыгышта, Борбор Азияда кала бермек. Ошол өңүттөн караганда аларды кармап калуу үчүн экономикалык, диний жана башка эркиндиктер маанилүү.

- Артка тарткан түшүнүктөрдөн арылуу үчүн мусулман коомчулугуна бир катар сунуштарды бериптирсиз. Анда өзүн сындоо же чыныгы абалын кабыл алуу, күзгүгө кароосун сунуш кылгансыз. Азыркы учур мусулман жамаатынан эмнелерди же кандай болууну талап кылат? Бул багыттагы тенденция кандай уланышы керек?

- Китепте көп адамдын кайсы бир маселеде талашып-тартышканын, бирок туура эмес жыйынтыкка барышарын жазгам. Анткени алардын бир бөлүгү көйгөйлөрдүн пайда болушуна, чечилбей жатканына Исламды айыпташат. Бул туура эмес. Себеби Ислам тарыхта өнүгүү менен шайкеш экенин далилдеген, талкууга, талдоого ачык дин. Дагы бир топтогу адамдар болсо, буга колониализмди, орус, батыш колонияларын талкуулашат. Мен буга макул болуу менен, мындан ары бул пикирден арылууну сунуштайм.

Суроодо айтылгандай эми өзүнө баа берип, талдоого алса дейм. Себеби бир коомдун, өлкөнүн ичиндеги көйгөйлөр чечилсе, ар кандай адашуулардан оолак болот. Дин менен мамлекеттин алакасы да бир кылка болот. Экономикалык жактан да бекемделгенде, сырттан келген күчтөр ансыз деле жок кыла албай турган болот. Тыштан келчү колониализмге каршы туруштук берүү үчүн ички көйгөйлөр чечилип, бекемделген болушу шарт. Мисалы, түркиялык мусулмандар Осмон империясынын тарыхын, ата-бабаларын алкагандын ордуна, биз кайсы жерден ката кылдык деп ойлонсо, көйгөйлөр аныкталып, чечиле баштайт. Мен ошол үчүн бул китепте адашкан учурларды, бурулуштарды талдаганга аракет кылгам.

"Исламды илимге жана демократияга каршы койбош керек"
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:25 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG