Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Ажылыктын акча чыры: миллиондор толуктала элек


Максатбек Токтомушев менен Жеңишбай Бекиев. Коллаж.
Максатбек Токтомушев менен Жеңишбай Бекиев. Коллаж.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгындагы ажылыктын акчасына байланыштуу окуяга азыркыга чейин чекит коюла элек. Муфтияттын эсеби боюнча, бүгүнкү күндө 400 миң доллардын тегерегиндеги акчанын орду толукталбай жатканы белгилүү болду. Мындан улам быйылкы ажылык сапарды уюштуруу боюнча маселе жаралышы мүмкүн экени айтылууда.

2021-жылы муфтияттагы миллиондордун желип кеткени белгилүү болуп, УКМК мурдагы муфтий Максатбек Токтомушев менен башкы эсепчи Жеңишбай Бекиевге кылмыш ишин козгогон.

Эсеби табылбаган элдин акчасы

2020-жылы ажылык сапарга баруу үчүн 9526 адам катталып, 5519 зыяратчы муфтияттын банктык эсебине 3350 доллардан төлөгөн. Мындан тышкары кезегин кармап туруу үчүн 500 доллардан бергендери да болгон. Бирок пандемиядан улам ажылык үзгүлтүккө учурап, зыяратчылардын акчасы иштетилбей калган.

2021-жылы ошол учурдагы муфтий Максатбек Токтомушев камалып, ажылыктын акчасы кемип калганы белгилүү болгондон кийин жарандардын көбү каражатын кайтарып ала баштаган.

2022-жылдын 14-марттындагы маалыматка ылайык, муфтиятка 3350 жана 500 доллардан которгон 5025 киши 8 млн. 622 миң 375 долларын кайра алган. Алар акчаларын 109 долларга кем алды. Анткени, бул каражатты вакцина жана кийим үчүн кармап калышкан. Ошол эле учурда 933 зыяратчы өз каражатына тийбей, ажылык сапарга барам деп даяр турат. Бирок алардын акчасынын толук эсеби чыкпай жатат.

Муфтияттын Борбордук текшерүү комиссиясынын жетекчиси Бакыт Нурдинов соңку эсеп-кысап боюнча маалымат берди:

Бакыт Нурдинов.
Бакыт Нурдинов.

“Ажылыктын акчасы үч тараптан текшерип, алардын тыянагы ар кандай чыгып калды. Муфтияттын алдындагы комиссия 1 млн. 800 миң доллар кемип кеткенин айтса, төрт ай текшерген УКМК 2 млн. 14 миңдей жетпейт деген жыйынтык чыгарган. Алар муфтияттын калькуляциясын жакшы түшүнбөй коюшту. Биз иш жүзүндө текшергенибизде, акчасын албаган 933 адамдын 1 млн. 413 мин 603 доллары жетпей турат. Жакында ажылык башталып кетсе, ызы-чуу болушу толук мүмкүн”.

Эми дайыны табылбай жаткан 1 млн. 413 мин 603 доллардын болжолдуу эсебин чыгаралы. Бакыт Нурдиновдун айтымында, азыркы учурда муфтияттын казынасында 400 миң долларга жетпеген каражат турат. Дагы 636 миң доллар болсо 2020-жылы Мусулмандар дин башкармалыгынын чыгымдарына, кызматкерлердин айлык акысына коротулганы айтылып жатат.

Негизи ажылык сапарга барууга ниеттенген ар бир жарандын акчасынан муфтиятка 185 доллар бөлүнөт. Анын:

  • 80 доллары аймактык дин кызматкерлерине;
  • 80 доллары муфтияттын өзүнө;
  • 10 доллары Борбордук текшерүү комиссиясына;
  • 15 доллары Аалымдар кеңешинин кем-карчына жумшалат.

Муфтийдин орун басары Абибилла Кадырбердиев 2020-жылы муфтияттын чыгымдарын жапты делген 636 миң доллар боюнча түшүндүрмө берди.

Абибилла Кадырбердиев.
Абибилла Кадырбердиев.

“Бир жылдык айлыктын өзүн эсептегенде 400 миң доллар болот экен. Мурдагы муфтий менен мурдагы эсепчи калган 236 миң долларды башка чыгымдарга коротконун айтып жатышат. Бирок ал жылы пандемиядан улам командировка болгон эмес. Акчаны эмне кылганын тергөө аныктаса керек. Ошентип 636 миң доллар талашта турат. Анткени мурдагы жетекчилер 2020-жылдын бюджетин жаап, 2020-жылдагы ажылыктын акчасына кире баштаганын эч кимге айткан эмес. Устав боюнча Аалымдар кеңешинен ураксат алышы керек эле. Бир жарым жылдан бери муфтияттын кызматкерлери бекер иштеп жатат. Атайын бекитилген бюджет жок. Кээде кайрымдуулуктан келген каражат болуп калып жатат”.

Талаш жараткан 636 миңди жана муфтияттын казынасында азыр турган 370-380 миң долларды эсепке алган учурда дагы 400 миң долларга жакын акчанын дайыны белгисиз.

Абибилла Кадырбердиевдин айтымында, 2020-жылы муфтияттын жетекчилиги 208 кишинин айлык акысынан 10% социалдык төлөм үчүн кармап, бирок аны тиешелүү органга төккөн эмес.

Муфтияттын Борбордук текшерүү комиссиясынын жетекчиси Бакыт Нурдинов кемип кеткен каражатка мурдагы жетекчилер жооп бериши керек дейт.

“400 миң доллардай акча мурдагы муфтий менен эсепчиге илинип жатат. Ошо төлөйбүз дегендей кылып жатышат. Менин билишимче, ар кандай жолугушуулар болгон. Мурдагы муфтий 400 миңдей каражатты кассага киргизиш керек. Ажылык башталып кетсе, анда ызы-чуу болот. Ал эми муфтияттын чыгымдарына кеткен 606 миң долларды мамлекет төлөп беребиз дегендей кылып жатыптыр. Биз ошого да үмүттөнүп жатабыз”.

Ажылыктын акчасы кемип кеткени белгилүү болгон 2021-жылы муфтият 1,8 млн. доллар жетпей жатканын кабарлаган. Ошол учурда ажылыктын акчасынан Баатырбек Жантаев деген жаран 700 миң доллар, Жалалидин Акылбаев 200 миң доллар, “Налоговый Представитель” 155 млн. сом, "Фарватер" болсо 152 миң доллар алганы белгилүү болгон. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы азыркы тапта алгандар каражаттарын дээрлик төгүп бүткөнүн айтууда. Бирок ошондо дагы 400 миң долларга жакын акчанын эсеби жок.

Ошол эле учурда муфтияттан жоголгон миллиондор боюнча шектүү жагдайлар көп. Аларга өзүнчө токтололу.

Үстөгү дайынсыз депозит, үн катпаган Токтомушев

Биздин колго тийген банктын документине ылайык, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы 2014-2021-жылдар аралыгында РСК банкына акча салып, анын үстөгүн алып турган.

Жети жылда депозиттен түшкөн каражат 36 млн. 347 миң 152 сомго жеткен. Бул сумманы азыркы курс менен (106) долларга айландырсак, анда 342 миң доллар болуп жатат. Муфтияттын акчасы депозитке салынган жылдары Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгын Максатбек Токтомушев жетектеген.

Муфтияттын депозиттик эсептерин далилдеген документтин соңку бети.
Муфтияттын депозиттик эсептерин далилдеген документтин соңку бети.

Муфтийдин орун басары Абибилла Кадырбердиев депозиттен түшкөн акчаны мурдагы жетекчилик өзүнө алып турганын айтып жатат.

“Мурдагы муфтий менен эсепчи ажылыктын акчасын сомго айландырып, аны депозитке коюу жолу менен пайда көргөн. Акча мурдагы жетекчилердин жеке эсебине тушкөн. Долларды сомго конвертация кылууда муфтият чыгым тартса, анда түшкөн акчаны алган мурдагы жетекчилер пайда гана көргөн. Эми ушул фактыларды моюндаса, анда талаштуу 636 миң доллар чечилип калмак да. Тергөө ушуларды да сурап жатса керек. Алар акчаны ордуна коюш керек. Антпесе бүт дүйнөгө уят болобуз”.

Кадырбердиев 2020-жылы муфтияттан 155 млн. сом алган “Налоговый Представитель” боюнча да маселе бар экенин айтууда. Аталган компания миллиондорду бир жылдык мөөнөткө алып, үстүнө 14 млн. сом кошуп бермек. Азыркы учурда үстөктүн 8 миллионун кайтарып, калганын бере элек.

Максатбек Токтомушев "Махмуд Кашкари" мечитинде баян айтып жатат.
Максатбек Токтомушев "Махмуд Кашкари" мечитинде баян айтып жатат.

14-мартта Максатбек Токтомушев менен Бишкектеги “Махмуд Кашкари” мечитинен жолугуштук. Мурдагы муфтий куптан намазына чейин баян айтып, жарандардын суроолоруна жооп берип жаткан экен. Токтомушев тергөө жүрүп жатканын жүйөө келтирип, эсеби табылбай жаткан акчаны муфтияттын мурдагы эсепчиси Жеңишбай Бекиев төлөп жатканын айтты. Ошол эле учурда маек курууга макул болгон жок.

Ал бир жыл мурун УКМКнын кызматкерлерине 100 миң доллар берип жаткан жеринен кармалып, 12-февралда үй камагына чыккандан кийин мындай билдирүү жасаган:

Максат Токтомушев.
Максат Токтомушев.

"Бул окуя УКМКнын кызматкерлери тарабынан болгон "пара алууга мажбурлоо" деп эсептелет. Азыр тергөө учуру болуп жатат. Мунун баары бүткөндөн кийин, мен сиздерге кенен, ачык-айкын жооп берем. Айтып берем".



2021-жылы ажылыктын акча чыры боюнча муфтияттын ошол учурдагы башкы эсепчиси Жеңишбай Бекиев 10-февралда кармалып, 12-февралда Биринчи май райондук сотунун чечими менен Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагына эки айга камалган. Бирок 11-мартта шаардык соттун чечими менен үй камагына чыгып кеткен.

Ал эми мурдагы муфтий менен башкы эсепчинин ишин карап жаткан УКМК азыркы учурда тергөө иштери уланып жатканын билдирди. Андан башка комментарий берүүдөн карманып турушат.

“Азаттык” Максатбек Токтомушев жана Жеңишбай Бекиевге жүйөлөрүн угуп, аларга аянтча түзүп берүүгө даяр экенин айта кетели. Биздин алар менен байланышуу аракетибизден эч майнап чыккан жок.

Быйылкы ажылык кандай болот?

Пандемиядан улам соңку эки жылдан бери ажылык сапар боло элек. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы быйыл аны уюштуруу боюнча республикалык штаб түзүлгөнүн билдирди. Бирок бул жолу Кыргызстанга берилген квотанын саны кыскарышы толук мүмкүн. Сауд Арабия 2020-жылы 6 миң адамга орун бөлгөн эле.

“Быйыл ажылык болот деген ойдо турабыз. Анткени умрага уруксат берилген. Мындан тышкары Сауд Арабия өзүнүн маалымат каражаттары аркылуу ажылыкты уюштура турганын билдирүүдө. Аталган өлкөгө муфтий дагы барып келген. Ага жакын арада расмий кат жибере турганын айтышыптыр. Биз алар менен байланышып жатабыз. Квота боюнча так жооп айтыша элек. Бирок пандемиядан улам кыскарышы мүмкүн”,-дейт муфтияттын Ажылыкты уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Жолдош Абдылдаев.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын расмий сайтында зыярат кылуу ниети менен кезекке тургандардын саны 6339 экени көрсөтүлгөн. Эгерде муфтият болжоп жаткандай болсо, июль айынын этегинде ажылык башталып калышы мүмкүн.

Бирок анын акчасы кымбаттап, 4 миң доллардын тегерегинде болору айтылып жатат. Анткени, 2020-жылга салыштырмалуу дүйнөдө баалар көтөрүлгөн.

Бирок жогоруда айтылгандай, 2020-жылы ажылыкка чогулган акчадан 1 млн. доллардай кемип кеткен. 636 миңи муфтияттын чыгымдарына жумшалса, 400 миң доллардын тегерегиндеги акчаны ким алганы белгисиз. Мындан улам муфтиятта ар кандай чочулоо бар.

Буга чейин муфтияттагы каржылык иштерди текшерген аудитор Деңиз Бекишев ажылыктын учуру келгенде маселе жараларын айтып, маселени азыр чечиш керек дейт.

Деңиз Бекиев.
Деңиз Бекиев.

“Азыр ажылыктын акчасы толук кайтарыла элек. Анын үстүнө доллар дагы көтөрүлүп кетти. Ошондуктан ажылык сапарга аз калганда муфтиятка нааразылык болот. Бул күтүлгөн эле көрүнүш. Муфтияттагы коррупциянын жоюнун эки жолу бар. Биринчиси, баары ыйман жолуна түшүп, кудайдан коркуш керек. Бирок бул аябай оор жол. Экинчиси, каржылык ачык-айкындуулук, акчаны тыкыр көзөмөлдөө. Муфтият азыр “молдолор уят болуп калабыз” деп көп нерсени жашырып атышат. Тескерисинче, ачык айтып чыкканда ишеним артмак. Коррупция жоголмок”.

“Азаттык” радиосу бул маселе боюнча 2021-жылы “Муфтияттагы миллиондор: Ажылыктын акча чыры” деген иликтөө жасаган. Анда зыяратка деп чогулган акчалардын кимдерге берилип кеткени, мурдагы муфтийдин бизнеси, кызыкчылыктар кагылышы боюнча кенен айтылган.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG