Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Жапаров динди салтка каршы койбоого чакырды


Бишкектеги эски аянтта окулган Айт намаз. 2-май, 2022-жыл.
Бишкектеги эски аянтта окулган Айт намаз. 2-май, 2022-жыл.

Президент Садыр Жапаров Орозо айт майрамына карата элге жолдогон куттуктоосунда "кыргыз маданияты менен ислам динин карама-каршы коюуга аракет кылган сабатсыздардын жетегинде калбоого" чакырды.

“Коомчулукта ислам маданияты менен кылым карыткан кыргыз маданиятынын ортосундагы байланыш тууралуу талкуу жүрүп калат. Эки маданиятты карама-каршы коюуга далалат кылган чагымчылар жана диний сабаты төмөн түркөйлөрдүн жетегине жетеленбөө керектигин белгилеп кетейин. Себеби, биздин ата-бабаларыбыздан калган макалдардын, накыл кептердин ислам баалуулуктары менен төп келерин ошол эле аалымдар, ошол эле илимпоздор айтып келатышат”, - деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Ошондой эле мамлекет башчы кыргыздын “коңшуңду ууру тутпа” деп айтылган макалы менен мусулманчылыктагы коңшу-колоңдор менен ынтымакта болууга чакырган окшоштукту мисал келтирип, элди ынтымакка, сабырдуулукка жана кыйынчылык башка түшкөндө бири-бирине кол сунуп, эриш-аркак жашоого чакырды.

Орозо айт намазы

Пандемияга байланыштуу эки жылдык чектөөдөн кийин Бишкекте жана башка аймактарда Айт намазы аянттарда жана мечиттерде жапырт окулду. Бишкектеги эски аянтта окулган майрамдык намазга президент Садыр Жапаров баштаган бир катар аткаминерлер да катышты.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынын эсебинде, 2-май күнкү намазга болжол менен элүү миңдей киши чогулду. Милиция 35 миңдей адам келгенин маалымдады.

Миңдеген кишилердин алдында диний насаат айткан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы муфтий Замир Ракиев ата-бабалар калтырган мекенди ыйык сактоо тууралуу сөз кылды.

"Баарыбыз мекенибизге шүгүр келтирели, атадан мураска калган алакандай элбиз. Ынтымакта бололу. Бири-бирибизди сыйлаганда гана Кудайдан береке болот".

"Агартуучулук менен алектенүү зарыл”

Айрым серепчилер президенттин салт менен диндин айкалышын айткан билдирүүсүн кубаттап жатышат. Анткени кыргыз маданиятына динди каршы коюп, тымызын, айрым учурда социалдык тармактарда ачык эле талаш-тартыштар дагы күчөгөн көрүнүштөр бар экенин айтып келишет.

Түркиядагы Эржиес университетинин дин философиясы боюнча докторанты Элмурат Кочкор уулу буларга токтолду:

Элмурат Кочкор уулу.
Элмурат Кочкор уулу.

“Айрым диний ишмерлер менен салттык ишмердүүлүктү жайылтып жүргөндөрдүн риторикасында аша чаап, бири-бирине каршы болгон учурлар бар. Ислам менен биздин каада-салт эч убакта каршы келбейт. Чынында бул экөө эриш-аркак. Эгерде каршы келген учурда орток пикир табууга шарият өзү кызыкдар. "Мусулман жана кыргыз деген - өз-өзүнчө нерсе. Аларды кимисине артыкчылык бересиңер" дегендей каршылыктар бар. Бул маселе “ынтымакта жашайлы” деген менен чечилбейт. Көйгөйгө олуттуу карап, агартуучулук менен алектенүү зарыл".

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы, дин маселелери боюнча эксперт Орозбек Молдалиевдин пикиринде, өлкөдө ислам тарыхын жакшы билген, диний сабаттуу аалымдар аз. Маалыматтык боштуктан ар кандай радикал топтор пайдаланып, кыргыз үрп-адатын чанып, адамдардын ортосуна кастыкты козутууга алып келет дейт ал.

“Мисалы, Орозо айын белгилеп жатабыз. Мындан мурунку Шаабан айын белгилегенбиз. Арабдарда исламга чейин эле үч ай ыйык деп эсептелген. Ошол айлар дин келгенден кийин деле калды. Андыктан алар шарият менен салт туура келбейт дебей эле жүрүшөт. Молдолордун баары эле аалым эмес, ошондуктан ар кимиси ар кайсы диний мектептен алган билимин таңуулай берген туура эмес. Бизде ата-энени сыйлоо, кичүүгө ызат көрсөтүү дегенди дин гана үйрөткөн жок. Ага чейин эле бар болчу. Ислам талап кылган кийимдер кыргыздын улуттук кийимдерине шайкеш келет. Бул жерде диний кызматкерлерди деле күнөөлөй берген туура эмес, светтик көз карашты кармангандардын арасында дагы туура эмес пикирде жүргөндөр көп. Учурда карапайым эл дини кайсы, радикалы кайсы билбей калып жатат".

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия​нын мурдагы жетекчиси Жолборс Жоробеков дин жаатындагы мындай маселеге Кыргызстан жалгыз кабылган жок дейт. Ал муфтият, дин иштери боюнча комиссия мамлекеттик органдар менен бирге иштеп, топтордун ажырым салышынын алдын алууну сунуштады.

“Ааламдашуу заманында инденттүүлүк деген маселе чыкты. Биз дагы 50-80 жылдан кийин кыргыз деген улутту сактап калабызбы, жокпу? Мына ушуга жооп бере турган диний жоболорду иштеп чыгышыбыз керек. Биз мындай маселе болуп жаткан акыркы же биринчи өлкө эмеспиз. Түркия, Татарстанда дагы ушундай маселе болгон. Ошолорду карап, өзүбүз иштеп чыккан саясат менен инденттүлүктү сактап калышыбыз керек".

Кыргыз эл жазуучусу, мамлекеттик жана коомдук ишмер, Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев буга чейин “Азаттыкка” курган маегинде, азыркы мезгилде социалдык тармактарда көз караштардын карама-каршылыгы бар экенин белгилеп, ошол нерсе реалдуу карама-каршылыкка өсүп чыкпашы керек деген пикирин билдирген.

“Мамлекет үчүн саясий оппозиция коркунучтуу эмес. Ишеним, ишенимдердин конфликти өтө кооптуу. Чынын айтканда, азыр биздин бутубуздун алдында ушул нерселердин баары кайнап жатат. Социалдык тармактардан көрүп жатасыз, көз караштардын кагылышы ачыктан ачык эле көрүнүүдө. Азыр бизде виртуалдуу түрдө көз караштардын карама-каршылыгы бар. Ошол нерсе реалдуу карама-каршылыкка өсүп чыкпашы керек. Ушул виртуалдуу нерсе дагы бизди ойлонтушу керек. Кайсы бир күчтөрдүн карама-каршылыгы ушул кыртыштан өсүп чыга турган болсо, бул өтө опурталдуу маселе”.

2021-жылдын октябрь айында 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы кабыл алынган. Анда негизги маселелердин бири катары мамлекеттин светтик негиздерин бекемдөө, ар бир жарандын диний ишенимин камсыздоо каралган.

Кыргызстан мыйзамдарында динин, улутун, этностук өзгөчөлүктөрүн кемсинттүүгө жол берилбейт. Кылмыш жаза кодексинде атайын 330-берене (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) менен белгиленген. Бул берене менен айыпталгандардын күнөөсү аныкталса, беш жылга чейин соттолот.

Эксперттер Ооганстанда шарият менен жашайбыз деген “Талибан” кыйымылы бийликти колго алганы Борбор Азияда радикализм курч маселе бойдон калып жатканын эскертип келишет.

2003-жылдан бери Кыргызстанда баш-аягы 21 диний бирикменин ишмердигине террорчул жана экстремисттик уюм катары тыюу салынган. Ага “Жабхат ан-Нусра”, “Жайшу л-Махди”, “Ансару л-Лах”, “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами”, “Жихад тобу” жана “Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы” сыяктуу эл аралык террордук жана экстремисттик уюмдар кирген.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG