Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:24

Иранда дагы бир келин мыкаачылык менен өлтүрүлдү


Мона Хейдари, Ирандын Ахваз шаарында күйөөсү башын кесип өлтүргөн жаш келин.
Мона Хейдари, Ирандын Ахваз шаарында күйөөсү башын кесип өлтүргөн жаш келин.

Ирандын Хузестан провинциясында жаш келиндин башын алган окуя дүрбөлөң түшүрдү. Зомбулуктун жана эрте никенин курмандыгы болгон Мона 17 жашта, анын үч жаштагы уулу бар.

Бул жагдай ирандык аялдарга карата зомбулук маселесин талкууга чыгарды. Күйөөсү аялынын кесилген башын көтөрүп, көчөдө жүргөн үрөй учурган видео интернетке тарады. Иранда үй-бүлөнүн ар-намысы үчүн “абийир өлүмү” мыйзам жол берген түшүнүк. Укук коргоочулар адам өлтүрүүгө жол ачкан мындай көрүнүштөрдү айыптап келишет.

Намысын далилдөө үчүн жасалган мыкаачылык

Ирандын түштүк-батышындагы Хузестан провинциясындагы Ахваз шаарында үрөй учурган окуя катталды. 29 жаштагы ирандык Сажжад Хайдари 17деги аялы Мона Хейдаринин башын алып, намыскөй экенин далилдөө үчүн кесилген башты көчөдө көтөрүп жүргөнү кабарланды. Анын бир колунда кандуу бычак, экинчисинде кесилген башты кармап, көчөдөгүлөргө күлүп бараткан видео тасма интернетке жарыяланды.

Мона Хейдари бир нече ай мурун Түркияга качып, интернет аркылуу таанышкан сириялык бир жигит менен жашап алган. Үйдө үч жашар уулу калган. Анын туугандары коопсуздугуна кепилдик берип, мекенине чакырышкан. Жаш келин Иранга кайтып баргандан бир нече күндөн кийин өлтүрүлгөн.

Нью-Йоркто жайгашкан Ирандагы Адам укуктарын коргоо борборунун аткаруучу директору Хади Чаеми Иран бийлиги Хейдаринин өлүмүнө аны өлтүргөндөр сыяктуу эле жооптуу" деп билдирди.

"Эгерде Иран өкмөтү жаш балдарды никеге турууга жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргоого каршы мыйзамдарды кабыл алса, башы кесилген келин бүгүн тирүү болмок", - деп жазды Хади Чаеми "Твиттердеги" баракчасына.

"Абийир өлүмү" мыйзамга сыйбаган көрүнүш

Мона Хейдаринин өлтүрүлүшү Ирандын коомундагы “абийир өлүмүнүн” акыркысы эмес. Үй-бүлөнүн намысын сактоо деген түшүнүк менен абийирсиздикке айыпталган аялдарды эркек туугандары же күйөөлөрү өз алдынча жазалаган бул көрүнүш Иранда кеңири тараган. Ирандагы аялдарга карата мындай зомбулукту сындап, катаал чараларды киргизүүнү талап кылып келген укук коргоочу Насрин Сотуде өзү "хижабга каршы чыкты" деген негизде 2018-жылы 38 жылга соттолгон.

«Биз Иран режими аялдардын укугу үчүн көптөн бери күрөшүп келген ирандык укук коргоочу жана активист Насрин Сотудени 38 жылга түрмөгө кесип, 148 жолу камчылоого өкүм кылган кабарды кыжырдануу менен кабыл алдык. Бул өкүм жырткычтыктын чегинен чыкты. Анын болгон айыбы эзилген ирандык аялдардын укугун коргоодо болду», - деп билдирген АКШнын мамлекеттик департаменттинин өкүлү Роберт Палладино.

Иранда, Ооганстанда жана бир катар мусулман өлкөлөрүндө “абийир өлүмү” деген түшүнүк кыз-келиндер үйдөн качса, ойноштук кылса, же бирөө менен никесиз жашап алган моралдык жүрүм-туруму үчүн мыйзамдан сырткары жаза катары каралган.

Мона Хейдаринин өлүмүнө байланыштуу анын күйөөсү жана ага жардам берген агасы кармалганы кабарланды. Бирок Иранда мындай мыкаачылык кылмыш үчүн жеңил жаза чарасы каралган. Ошондуктан ирандык активисттер мындай кылмыштар үчүн жазааны катаалдаштырууну сунуштуп келишет.

Маалыматка ылайык, Мона Хейдари 12 жашында аталаш тууганына турмушка чыгууга аргасыз болуп, 14 жашында уул төрөгөн. Ирандын маалымат каражаттары жазгандай, ал күйөөсүнөн кордук көрүп, ажырашууну сурап, бирок күйөөсү андан баш тартып келген. Туугандары да анын ажырашуу тууралуу сунушун четке кагып, күйөөсү менен жашоону улантууга көндүрүп турушкан.

Хузестан провинциясынын борборундагы үрөй учурган адам өлтүрүү элди дүрбөлөңгө салып, аялдарга карата кеңири жайылган зордук-зомбулук жана укуктук коргоонун жоктугу тууралуу талаш-тартыштарды кайра жаратты.

Иранда 2020-жылы 14 жаштагы Ромина Ашрафини атасы уктап жаткан жеринен орок менен башын алып салган. Аны бир нече күн мурда полиция сүйлөшкөн жигити менен кармап, атасына өткөрүп берген.

Атасы "намысын коргоп", кызын өлтүргөнү үчүн болгону сегиз жылга кесилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG