Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:38

Мектептеги кырсыктан жаракат алган төрт киши ооруканага жаткырылды


Амирабек Чымканаев атындагы орто мектептеги шыбы урап түшкөн класс.
Амирабек Чымканаев атындагы орто мектептеги шыбы урап түшкөн класс.

Чаткал районунда 17-майда сабак учурунда шыбы урап түшкөн класста жараат алган мугалим жана үч окуучу ооруканага жаткырылды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы канааттандырарлык экенин билдирди.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнө караштуу №18 Амирабек Чымканаев атындагы орто мектепте 17-майда сабак учурунда класстын шыбы урап түшкөн. Кырсык болгон учурда кабинетте бир мугалим, 16 окуучу болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкерлери аларды коопсуз жайга алып чыгып, Ала-Бука райондук ооруканасына жеткирген.

Чаткал районунун билим берүү бөлүмү мектеп 1951-жылы салынганын, авариялык абалда болбогонун кабарлады. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG