Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

Бишкекке АКШнын мамкатчысынын жардамчысы Дональд Лу келди


Дональд Лу буга чейин АКШнын Кыргызстандагы элчиси болуп иштеген.
Дональд Лу буга чейин АКШнын Кыргызстандагы элчиси болуп иштеген.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 23-майда Бишкекте АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы Дональд Лу менен жолукту. Мекеме тараткан маалыматта, анда тараптар кыргыз-америка аралык алака-катыш, кызматташтыкты, аймактык жана глобалдык маселелерди талкуулаганы айтылат.

"Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизген практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү өзгөчө белгиленип, инвестициялык кызматташтыкты арттыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Эл аралык санкциялардын Кыргызстандын экономикасына тийгизген терс таасирин азайтуу, ошондой эле чек ара коопсуздугун бекемдөөгө көмөк көрсөтүүнү активдештирүү маселелери өзүнчө каралды. "С5+1" платформасынын алкагында мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын кеңири спектри боюнча конструктивдүү диалогду улантууга өз ара ниеттерин ырасташты",-деп айтылат ТИМ тараткан маалыматта.

Дональд Лу буга чейин АКШнын Кыргызстандагы элчиси болуп иштеп кеткен. Ал өткөн жылы АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы кызматына дайындалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG