Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Аксынын Ак-Суу айылы райондун борбору менен байланышсыз калды 


Сузак району, Атабеков айыл аймагынан тартылган сүрөт. 5-май, 2022-жыл.
Сузак району, Атабеков айыл аймагынан тартылган сүрөт. 5-май, 2022-жыл.

Нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүргөнүнө байланыштуу Аксынын Ак-Суу айыл аймагы райондун борбору менен байланышы үзүлдү. Бул тууралуу райондук акими Замирбек Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, жол жамгыр токтосо 1-2 күндө жол калыбына келтирилиши мүмкүн. Аким Ак-Суу айыл аймагында жети миң киши жашарын, райондун борборуна өтчү башка жол жок экенин белгиледи.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда 21-22-майда нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүргөнүнө байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялаган.

Мекеменин маалыматына ылайык, табыгый кырсыкта алты көпүрө жарактан чыкты, Кашка-Суу, Кара-Суу, Авлетим, Ак-Суу жана Кызыл-Туу айыл аймактарында жолдорду суу жууп кетти. Ошондой эле ондогон үйдү, бир социалдык объектини сел каптады. Учурда аймакта селдин кесепетин жоюу, чыгымды эсептөө иштери жүрүп жатат.

Май айындагы катуу жааган жаандан улам өлкөнүн дээрлик бардык аймагында сел жүрүп, бир топ турак жай жарактан чыкты. Короолор, жолдор жана көпүрөлөр бузулуп, ондогон гектар айдоо аянтын сел жууп кетти. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG