Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Тергөө тобу Дача СУда кыйраган учактан аткезчилик жүк табылбаганын билдирди


Дача СУдагы учак кырсыгы. 16-январь, 2017-жыл.
Дача СУдагы учак кырсыгы. 16-январь, 2017-жыл.

23-майда Дача СУ каргашасын иликтеген коомдук комиссиянын отуруму өтүп, анда Ички иштер министрлигинин өкүлү, тергөө тобунун башчысы Максат Мусаев маалымат берди.

Ага ылайык, 2017-жылы 16-январда Гонконгдон Стамбулга баратып, Бишкекке май куюуга конуп кырсыкка учураган учакта турмуш-тиричилик техникалык буюмдары жана электроника товарлар болуп, жалпы 85 тонналык жүк ташылып бараткан.

“85 тоннадан ашык жүктөн болгону 600 килограммдан ашыгыраак гана жүк калган. 120 тонна авиакеросин Гонконгдон Стамбулга жетмек. Бирок учак арзан керосин куюш үчүн Бишкекке конгон”, -деди окуяны тергөө тобунан башчысы.

Учакта товарлар башка өлкөгө алынып бара жаткан, арасынан жардыруучу заттар болбогону тергөөдө аныкталган. Кырсыкка байланыштуу кылмышка шектүүлөр аныкталбагандыктан иш жабылган. Учак "экипаждын катачылыгынан улам учуу траекториясынан чыгып кеткен" деген техникалык тыянак чыккан.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен түзүлгөн коомдук комиссия 12-майда алгачкы жыйынга чогулган жана анда ишин уюштурууга байланыштуу маселелер талкууланып, такталган.

Мындан беш жыл мурда Бишкектин четинде, "Манас" эл аралык аба майданынын жанындагы Дача СУ конушуна Гонконгдон Стамбулду көздөй бараткан түркиялык АСТ Airlines компаниясына таандык Boeing үлгүсүндөгү жүк ташыган учак кулап түшкөн. Анда 85 тоннадан ашык жүк болгон.
Каргашада 35 жергиликтүү тургун (алардын 17си бала) жана төрт учкуч каза тапкан. (JsA\KJ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG