Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:25

Бишкек шаарына 120 электробус алынат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын Бишкек шаарындагы транспортту электрлештирүү боюнча макулдашуусун ратификациялоону колдоп берди.

Анын жалпы суммасы 59 млн. 550 миң доллар. Каражаттын 25 млн. доллары насыя, 25 млн. 650 миң доллары гранттык акча. 8,9 млн. доллар өкмөттөн бөлүнөт.

Насыянын мөөнөтү 32 жыл, жеңилдетилген мезгил сегиз жыл (1%), андан кийин 1,5% түзөт. Бул каражатка Бишкек шаарына 120 электробус алуу каралууда.

Кыргызстанда коомдук автоунаа маселеси орчундуу көйгөйлөрдүн бири. Тейлөөнүн сапатына жана транспорттун жетишсиздигине байланыштуу бир нече жолу нааразылык акциялары өткөн.

Мэрия Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташууга кеминде 1,5 миң автобус зарыл экенин белгилеп келет. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG