Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:19

Зеленский Давосто Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүгө чакырды


Украин президенти Владимир Зеленский Давостогу жыйында видео байланыш аркылуу сүйлөп жатат. 23-май, 2022-жыл.
Украин президенти Владимир Зеленский Давостогу жыйында видео байланыш аркылуу сүйлөп жатат. 23-май, 2022-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Швейцариянын Давос шаарында башталган Дүйнөлүк экономикалык форумдун жылдык жыйынына видео байланыш аркылуу катышып, эл аралык коомчулукту Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүгө чакырды.

Ал соңку айларда Украина эркиндикке каршы күрөштүн үлгүсүн көрсөткөнүн, "максималдуу санкциялар" гана негизсиз согуш баштаган Орусия сыяктуу өлкөлөрдү ооздуктай аларын айтты.

Зеленский 23-майдагы кайрылуусунда дүйнө өлкөлөрүн Орусиянын мунайынан баш тартууга, бардык орус банктарын глобалдык финансылык системадан үзүп салууга жана Москва менен сооданы токтотууга чакырды.

Ал эгер Киевге февраль айында эле 100 пайыз жардам көрсөтүлсө, "он миңдеген адамдардын өлүмүн алдын алса болмок" деп кошумчалады жана Украинага курал-жарак керек экенин белгиледи.

Эки жылдан ашык убакыттан бери биринчи жолу өтүп жаткан Дүйнөлүк экономикалык форумдагы талкууларда Украинадагы кырдаалга өзгөчө көңүл бурулууда. COVID-19 пандемиясынан улам 2021-жылдагы форум өтпөй калган жана быйылкы бейформал жолугушуулар май айына жылдырылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG