Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Тоолуу Бадахшандын бейрасмий лидери Мамадбокир Мамадбокиров өлтүрүлдү


Мамадбокир Мамадбокиров.
Мамадбокир Мамадбокиров.

Тажикстандагы Тоолуу Бадахшан автоном облусунун бейформал лидери Мамадбокир Мамадбокиров Хорог шаарында 22-майда өлтүрүлдү. Бул тууралуу маалыматты Ички иштер министрлигинин облустагы башкармалыгы кабарлады.

“Жекшемби, саат 17:30да Хорогдо ички криминалдык топтордун ортосундагы чырдын натыйжасында Мамадбокир Мамадбокиров өлтүрүлдү”, - деп жазылган анда. Расмий билдирүүлөрдө Мамадбокиров “Бархорог маале уюшкан кылмыштуу тобунун башчысы” деп аталып келген. Учурда облустун прокуратурасы окуя боюнча иликтөө баштаганы айтылды.

Кабарды "Азаттыктын" тажик кызматы - “Озоди” радиосуна Хорогдогу үч көз карандысыз булак тастыктады. Алардын маалыматына ылайык, Тоолуу Бадахшандын бейрасмий лидери өзү жашаган Бархорог кичи районунун Бойни маалесинде өлтүрүлгөн.

Мамадбокиров Тажикстандын чек ара кызматынын мурдагы офицери болгон. Анын аты Хорогдогу башаламандыктарда көп айтылып келген.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги 17-майда тараткан билдирүүсүндө Хорогдогу соңку башаламандыктарды уюштурууга Мамадбокир Мамадбокиров, чет жактагы оппозициялык саясатчы Алим Шерзамонов жана көз карандысыз журналист, укук коргоочу Улфатхоним Мамадшоеваны айыптап, аларга карата кылмыш иши козголгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG