Украинанын парламенти - Жогорку Рада президент Владимир Зеленскийдин согуштук абалды жана жалпы мобилизациянын мөөнөтүн дагы 90 күнгө узартуу токтомун колдоду.
Ошентип согуштук абал жана жалпы мобилизация 23-августка чейин узартылды. Бул тууралуу украин парламентинин басма сөз кызматы 22-майда кабарлады.
Мындай чечимди Раданын 320 депутаты колдоду.
Зеленский 18-майда Жогорку Радага жалпы мобилизациянын мөөнөтүн узартууну сунуштаган.
Жогорку Рада Украинанын аймагына аскердик абал киргизүүнү 24-февралда Орусия кол салганда бир добуштан колдогон.