Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:44

Министр кырсык болгон Чечме айылына барды


ӨКМ Бообек Ажыкеев Чечмеге барды. 21-май. 2022. Баткен.
ӨКМ Бообек Ажыкеев Чечмеге барды. 21-май. 2022. Баткен.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев ири жол кырсыгы катталган Чечме айылына барды. Министр бул аймакка кырсык болгон күнү 21-майдын кечинде барганын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

21-майда Баткендин Кадамжай районунун Чечме айылында ири жол кырсыгы катталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Хово" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа (трал) "Чечме унаа жолу" өткөрүү бекетинде жол кырсыгына кабылган.

Унаанын ичиндеги куткаруучулар катуу жааган жаандан жабыркаган Кадамжай районунун Бөжөй айылына сел каналдарын жана габион торчолорун орнотууга бара жаткан.
Жол кырсыгынын кесепетинен 8 адам, анын ичинде ӨКМдин 2 кызматкери каза болду жана 7 адам жаракат алган.

Учурда беш киши ооруканада жатат. Алардын абалы орточо оор экенин Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен облусу боюнча координатору Арзыбек Бөрүбеков "Азаттыкка" кабарлады. Ооруканага кайрылгандардын үчөө алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн соң үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Каза тапкандардын бири Өзбекстандын жараны.

Милиция факт маалыматтардын электрондук журналына катталып, териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG