Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:52

 Байден, Фриман баш болгон 963 америкалыктын Орусияга кирүүсүнө тыюу салынды 


Морган Фриман.
Морган Фриман.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги өлкөгө кирүүгө тыюу салынган АКШ жарандарынын тизмесин жарыялады.

963 кишинин аты-жөнү жазылып, 21-майда жарыяланган тизмеде президент Жо Байден, вице-президент Камала Харрис, Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен, коргоо министри Ллойд Остин, Фейсбук социалдык түйүнүнө ээлик кылган Meta корпорациясынын кожоюну Марк Цукерберг, “Эркин Европа/Азаттык” медиакорпорациясынын президенти Жейми Флай менен бирге "Азаттыкты" көзөмөлдөгөн директорлор кеңешинин учурдагы же мурдагы бир нече мүчөлөрү, коомдук ишмерлер бар.

Булардын катарында белгилүү актер Морган Фриманды дагы көрүүгө болот. Орусиянын ТИМи бул адамдар "русофобияны козутууда" деген негиз келтирди. Фримандын тизмеге кошулушун "2017-жылдын сентябрь айында ал Орусияны АКШга каршы кутум уюштурду деп айыптап, биздин өлкөгө каршы күрөшкө чакырган видео кайрылуу жаздырган" деп түшүндүргөн.

Тизмеге ошондой эле Өкүлдөр палатасынын спикери, демократ Нэнси Пелоси, Сенаттагы парламенттик көпчүлүктүн лидери Чак Шумер, АКШ президенти Жо Байдендин уулу Хантер менен мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон да кошулду. Бир нече адамдар жөн гана "АКШнын жарандары" деп белгиленип, кененирээк маалымат берилген эмес.

Мындан тышкары бир нече журналисттер, анын ичинде Bellingcat иликтөөчүсү Арик Толер, саясат таануучулар, Ак үйдүн мурдагы катчысы Жен Псаки, ал тургай 2018-жылы каза болгон сенатор Жон Маккейн да кирип калган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, бул кадам "тынымсыз киргизилген антиорусиялык санкцияларга" жооп экени жазылган.

Америка Кошмо Штаттары жүздөгөн орус жарандарына каршы жеке санкцияларды киргизип, бул тизме Орусиянын 2022-жылдын 24-февралында Украинага басып киришинен кийин дагы кеңейтилген. Тизмеге Орусиянын президенти Владимир Путин жана өлкөнүн дээрлик бардык жогорку жетекчилиги кирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG