Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:32

"Медиазона": Украинадагы согушта кеминде 2622 орусиялык аскер каза болду


Орусиялык аскердин кийими, Киев, 1-апрель, 202.
Орусиялык аскердин кийими, Киев, 1-апрель, 202.

20-майга карата Орусия менен Украинанын ортосундагы согушта кеминде 2622 орус аскери каза болду. Жоготууларды "Медиазона" басылмасы жана Би-Би-Си Орус кызматы ыктыярчылардын тобу менен бирге эсептеп чыккан. Алар аскерлердин өлүмү тууралуу анык маалыматтарды гана талдашкан. Булактар аскердин жакындарынын, бийлик өкүлдөрүнүн жана маалымат каражаттарынын билдирүүлөрүнө таянган.

Согушта каза болгондордун көбү Дагестандан, Бурятиядан жана Волгоград областынан келген аскер кызматкерлери экени айтылат. "Медиазона" менен Би-Би-Синин эсептөөлөрү көрсөткөндөй, бул аймактарда орточо эмгек акы Орусия боюнча алганда азыраак деп эсептелинет.

Талдоого алынган маалыматтарга караганда, каза болгондордун 491и офицер. Бул жалпы каза болгондордун бештен бир бөлүгүн түзөт. Алардын төрттөн бир бөлүгү улук офицерлер: майорлор, подполковниктер жана полковниктер.

Ошондой эле 41-армиядан генерал-майор Андрей Суховецкий менен 8-армиядан генерал-майор Владимир Фроловдун өлүмү тастыкталган. Кара деңиз флотунун башчысынын орун басары, биринчи даражадагы капитан Андрей Палийдин каза болгондугу да белгилүү болгон.

Иликтөөнүн авторлору 2622 өлүм - жоготуулардын реалдуу көрүнүшүн чыгылдырбай турганын белгилешкен. Мындан сырткары дайыны чыкпай жаткандардын жана туткунга түшкөндөрдүн саны белгисиз.

Орусиянын Коргоо министрлиги согуштагы жоготуулары тууралуу эки жолу гана - 2, 25-мартта гана маалымат берип, каза болгондордун саны 1351 экенин айткан. Ошондой эле Украинада каза болгондордун саны 20 миңдей экенин кабарлаган.

Украинанын Коргоо министрлиги согуш башталгандан бери Орусия 29 миңдей аскерин жоготконун билдирүүдө. Өзү тарабынан канча аскерин жоготкону тууралуу маалымат бере элек.

Бул маалыматтарды эки тараптан тең текшерүү азырынча мүмкүн эмес.

Британ чалгындоосу жакында Орусия Украинага февраль айында басып киргенге чейин чогулткан топтун үчтөн бир бөлүгү иштен чыкканын ырастады. Кеп каза болгондор гана эмес, жарадар болгондор, ошондой эле иштен чыккан аскердик техникалар тууралуу кеп болуп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG