Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

Министр Бейшеналиев Чаткалдагы шыбы урап калган мектепке барды


Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Чаткалга барды.
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Чаткалга барды.

Чаткалда шыбы урап калган мектептин ордуна инвесторлордун жардамы менен жаңы имарат салынат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды. Министр шыбы ураган мектептин мугалимдери, окуучуларынан кабар алганы Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылына барды.

"Чаткал районундагы бардык мектеп жетекчилери менен жыйын өткөрүп, тармагыбыздагы жаңылануулар боюнча жеринен кабар бердим. Терек-Сайга сырттагы инвесторлордун жардамы менен жаңы мектеп салынат", - деди Бейшеналиев.

Ошондой эле министр Чаткалдагы мектепте болгон кырсыктан жабыркаган мугалим Асия Сакееванын дагы абалын сурап ооруканага барган. Жабыркаган мугалимге жайкы каникул учурунда Ысык-Көл облусундагы ден соолукту чыңдоочу санаторийлердин бирине үй-бүлөсү менен эс алып келүү үчүн жолдомо берилерин убада кылды.

17-майда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнө караштуу №18 Амирабек Чымканаев атындагы орто мектепте сабак учурунда класстын шыбы урап түшкөн. Кырсык болгон учурда кабинетте мугалим жана 16 окуучу болгону кабарланган.

Окуучулар дарыгерлердин текшерүүсүнөн өткөндөн кийин баары ошол эле күнү үйүнө кое берилген. Чаткал районунун билим берүү бөлүмү кырсык болгон мектеп 1951-жылы курулганын, авариялык абалда болбогонун кабарлаган.

Окуядан кийин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү бардык мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелердин имараттарынын абалын текшерүү тапшырмасын берген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG