Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:22

Улуттук наркты сактоо жөнүндө программа иштелип чыгат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы бүгүн, 21-майда кабарлады.

Жарлыкка ылайык, мамлекеттик катчыга быйыл 1-сентябрга чейин Улуттук наркты сактоо жөнүндө улуттук программаны иштеп чыгуу тапшырылды. Анда мамлекеттик тилге жана тарыхый баалуулуктарга өзгөчө көӊүл бурууну эске алуу сунушталган.

Диний ишенимдердин жана каада-салттын баалуулуктарын бири-бирине карама-каршы койбоо, өрнөктүү, нарктуу жаранды калыптандырууда чөлкөмдүк, этникалык жана материалдык кызыкчылыктардан улуттук аӊ-сезимдин артыкчылыгын эске алуу белгиленген. Муфтиятка салттуу ислам баалуулуктарын жана кыргыз элинин улуттук наркын сактоодогу түшүнбөстүктөрдү жоюу үчүн керектүү чечимдерди кабыл алуу сунушталары жазылган.

Ошондой эле салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуунун маанилүү экени да белгиленген.

"Ошол эле учурда мамлекеттик башкаруу иштерине башка диний ишенимдер жана кызыкчылыктар таӊууланган учурда эл арасында жиктер пайда болуп, ынтымактын ыдырашына кайсыл бир деӊгээлде таасир бере баштаган. Тарых барактары мындай окуялардын бир нечесин тастыктап бере алат. Мамлекеттик башкаруу системасында нарктуулуктун бузулушу ири дөөлөттөрдүн, өлкөлөрдүн урашына алып келген", - деп жазылган мамлекет башчынын жарлыгында.

Өлкөнүн жаңы Баш мыйзамында моралдык жоопкерчилик, адеп-ахлак тууралуу жобо киргизилген. Буга чейин президент Садыр Жапаров Билим берүү жана илим министрлигине мектептерге руханий адеп-ахлакты өнүктүрүү сабактарын киргизүүнү тапшырган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG