Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Чаткал: мектеп коопсуздугун эске салган кырсык


Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнө караштуу №18 Амирабек Чымканаев атындагы орто мектептин шыбы сабак учурунда урап түштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мектеп мурда кооптуу деп табылбаганын билдирди. Айрым депутаттар парламентте кырсыкка кен казган компаниясынын жардыруусу себеп болгонун айтышты.

Окуя 17-май күндүзгү саат 12 чамасында болгон. Терек-Сай айыл өкмөтүнө караштуу №18 Амирабек Чымканаев атындагы орто мектептин директорунун милдетин аткаруучу Сааркан Койчуманкулова шыбы ураган бөлмөдө сабак маалында 16 окуучу жана бир мугалим болгонун билдирди.

Окуядан кийин класстагыларды башка мугалимдер коопсуз жайга алып чыгып, биринчи медициналык жардамды көрсөтүшкөн.

“Кабинетимдин жанындагы класстык бөлмөдө болду. Бир нерсе дүп этип кулап кеткендей болду, карасам класстын терезесинен чаң чыгып жатыптыр. Мугалимдин үстүнөн түшкөнү үчүн ал катуу чочуп кетиптир, кан басымы көтөрүлүп, дарыгерлер биринчи жардам беришти. Азыр мугалимибиздин абалы жакшы. Мектепте дарыгерлер өз иши менен жүрүшкөн, дароо жардамга келишти. Окуучулар нес болуп калыптыр. Кудайга шүгүр, оор жараат алгандар жок”.


Койчуманкулованын айтымында, шыбы ураган бөлмөдө 3-класстын окуучулары отурган.

Өзүн Наргиза деп тааныштырган окуучулардын биринин энеси кызынын ден соолугу жакшы экенин айтты.

“Кудай сактаптыр. Кызымдын, балдардын ден соолугу жакшы экен. Ооруканада карап жатат”.

Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тажибай Тынышовдун айтымында, мектептин имараты эски болгону менен ӨКМ тарабынан авариялык абалда деп табылган эмес.

“Өзү эски мектеп. Бирок, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кооптуу деп тизмеге алган эмес. Чаткал районунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин чечими менен үч мектеп авариялык абалда. Алардын экөөнү жаңылоо үчүн аракеттер жүрүп жатат”.

16 окуучу менен алардын мугалим эжесинин ден соолугун Ала-Бука аймактык ооруканасынын дарыгерлери текшерип жатат.

Саламаттык сактоо министрлиги 17-майда мугалим жана үч окуучу ооруканага жаткырылганын, алардын абалы канааттандырарлык экенин билдирген.


Ала-Бука аймактык ооруканасынын башчысы Бактыгүл Алибаева балдардын абалы жакшы экенин айтты.

“ Балдар ооруканага өздөрү эле басып келди. 14 окуучу жана бир мугалим келди. Абалдары жакшы, дарыгерлердин кароосунан өтүп жатат”.

Окуя болгон жерден тартылган сүрөттөрдө 3-класстын окуучуларынын китеп-дептерин, сумка, парталарды топурак, чаң басып калганын көрүүгө болот.

Чаткалдагы мектептин шыбынын сабак маалында урашы билим берүү жайларындагы коопсуздук маселесин козгоду. Өкмөттүн окуяга байланыштуу жыйыны өтүп, анда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү бардык мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелердин имараттарынын абалын текшерүү тапшырмасын берди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы мындай чечим 17-майда Терек-Сай айылындагы мектептин шыбы урап түшкөн окуя талкууланган жыйында кабыл алынганын кабарлады.

“Министрлер кабинетинин башчысы билим берүү мекемелеринин коопсуз иштешине жооптуу тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин сынга алды”, - деп айтылат маалыматта.

18-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Аида Исатбек кызы бардык мектептерди толук инвентаризациялоо зарыл экенин айтты.

"Эмне үчүн реформанын биринчи кадамы катары мектептер инвентаризация кылынган жок? Бүгүнкү күндө бизде өлкөдө 2236 мектеп бар экен. Ошонун кайсынысы авариялык абалда, кайсынысы жарайт же жарабайт деп иш жүргүзүп, реформаны ошондон кийин баштасак туура болмок”.

Ал эми депутат Жанар Акаев Чаткалдагы кырсыкка алтын казган “Эти-Бакыр Терек-Сай” компаниясы уюштурган жардыруу себеп болгонун белгилеп, ӨКМге текшерүү ишин жүргүзүүнү сунуштады.

“Жардыруудан кийин мектептин шыбы сабак учурунда кулап атат. Ошентип айылдан алыс эмес жерде жардыра берсе болобу? Компания сөзсүз жооп бериши керек”, - деди ал.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов мектепте кырсыкка чейин текшерүү иши жүрүп, имарат кооптуу деп табылбаганын белгиледи. Жардыруу боюнча жакында Чаткалга барып текшерүү иши жүрө турганын айтты.

“Эти Бакыр Терек-Сай” компаниясы депутаттын айтканы боюнча азырынча жооп бере элек. Бул ишкананын капиталынын 75% Түркиянын "Эти Бакыр" компаниясына, 25% Кыргызстандын "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна тиешелүү.

Өкмөттүн маалыматына караганда, "Эти Бакыр Терек-Сай" ишканасында 646 адам иштейт, алардын 90% жергиликтүү тургундар.

Шыбы ураган эки кабаттуу мектептин имараты болсо 1951-жылы курулган. Анда ушу тапта 360тан ашуун окуучу билим алат. Окуя болгон жерге жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, куткаруу кызматы барганы кабарланды.

Мектептин шыбынын урашына байланыштуу кыргыз коомчулугунда сын пикирлер айтылды.

Талант Абдиев

Өкмөт Ак үй, Асман шаарын куруу, казино ачуу менен алек. Жогорку Кеңеш бир адам менен күрөшүп жатат. Президент чет өлкөдө...

Илгиз Осмонов

Ушул окуяга жеткирбей алдын алса болот эле, жергиликтүү калктын айтымында, мектеп боюнча тынымсыз кайрылууларга карабай, мамлекет тарабынан көңүл бурулган эмес.

Чолпон Орозобекова

Садыр Жапаров, качан жерге түшөсүз? "Асман" курам, ак сарай курам деп отурганынызда мектептер балдарды басып калып атат. Министр Алмаз Бейшеналиев болсо ушундай маселелерге "өрт өчүргүчтөй" иштеши керек болчу. Ал киши да ыкчам иштей албай атат. Мектеп курулушуна министрликтин тиешеси жок дебегиле. Унчукпай отура берсе, Мамархитектура жана курулуш ж.б. мекемелер кыймылдамак беле?!

Тынчтык Алтымышев

Чочутуп далай жандарды,

Там басып жатса балдарды,

Тыялы эл-журт биригип,

Хан сарай салчу хандарды!

Кыз-уландар чочулап

Кулачу мектеп өчүрөт...

Коопсуз, жаңы жайларга

Балдарды кимдер көчүрөт?

Тиретип шыбын, дубалын,

Ойлобой элдин убалын,

"Асман" шаар салчу чоңдорду

Келечек кантип кечирет?!

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG