Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Бактыбек Мамытовдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду


 Эл артисти Бактыбек Мамытовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты. 21-май, 2022. Бишкек
Эл артисти Бактыбек Мамытовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты. 21-май, 2022. Бишкек

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын кызматкери, белгилүү диктор, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бактыбек Мамытовдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 21-майда УТРКда өтүп, ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо, кесиптештери, жакындары, маданият ишмерелери катышты.

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын кызматкери, белгилүү диктор, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бактыбек Мамытов узакка созулган оорудан улам 20-майда 72 жашында дүйнөдөн кайткан.

Ал Улуттук каналда дээрлик 50 жылдай эмгектенген.

Бактыбек Мамытов 1950-жылы 3-мартта Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылында туулган. Маалыматка караганда, акыркы жылдары анын жүрөгү ооруп жүргөн.

Бактыбек Мамытов Кыргыз Республикасынын Эл артисти, "Даңк" медалынын ээси. Ал Улуттук телерадиоберүү корпорациясындагы “Арноо концертинин” алып баруучусу катары коомчулукка таанылган. (КЕ/MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG