Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:51

Кадамжайдагы жол кырсыгына кабылган автоунаа ӨКМге таандык болгон


"Чечме" чек ара бекетиндеги жол кырсыгы. ӨКМ тараткан сүрөт. 21-май, 2022.
"Чечме" чек ара бекетиндеги жол кырсыгы. ӨКМ тараткан сүрөт. 21-май, 2022.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткендин Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен жеринде болгон жол кырсыгынан сегиз киши набыт болуп, жети киши жабыркаганын билдирди. Кырсыкка кабылган автоунаа ("Хово" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа) Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу экенин ырастады.

“Акыркы күндөрү катуу жааган жаандан Баткен облусунун Кадамжай районунун Бөжөй айылында сегиз үйдү сел каптап, селдин кесепеттерин жоюуга Ош шаарынан чыгышкан. Бул автоунаада Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери табигый кырсыктарды жоюу үчүн сел өтүүчү каналдарды тазалоо жана габион торчолорду орнотууга бараткан. Жол кырсыгынын кесепетинен 8 адам, анын ичинен министрликтин эки кызматкери каза болуп, жети адам жаракат алган”,-деп айтылат аталган мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Кырсыктан ар кандай жараат алган беш киши Айдаркендеги оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылды. Алардын экөө балдар. Жабыркагандардын бирөөнүн абалы оор, калган төрт кишинин абалы орточо оор деп бааланууда.

Бүгүн, 21-майда саат 16:00 чамасында Кадамжай районундагы Чечме айылында ири жол кырсыгы катталганын Өзгөчө кыдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлаган. Алдын ала берилген маалыматка караганда, аталган айылдын Өзбекстан менен чек арадагы жердеги “Чечме” өткөрмө бекетте оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, имаратты жана токтоп турган машинелерди сүзүп өткөн.

Социалдык тармактарга кырсык болгон жерден видео, сүрөттөр тарады. Анда бир нече машина жараксыз абалга келгенин көрүүгө болот.

Кырсык болгон жерде ӨКМдин Кадамжай райондук бөлүмүнөн 18 куткаруучусу иштеп жатат. Министрликтин басма сөз кызматы кийинчерээк кошумча маалымат берилерин билдирди.

Кадамжай райондук милициясынын ыкчам тобу ири кырсык катталган жерге барып, каза болгон адамдардын тек-жайын тактоодо. (AbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG