Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:59

Жумгалда прокурор менен соттун кармалышынын жаңы жагдайлары айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Соттор кеңеши Башкы прокуратуранын "Жумгал райондук сотунун судьясы пара алууга шектелип кармалды" деген маалыматын төгүндөдү. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 21-майда Соттор кеңешинин басма сөз кызматы таратты. Анда көзөмөл органды такталбаган жана туура эмес маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырган.

Көп өтпөй Башкы прокуратура Жумгал райондук соттун судьясы (А.А.) жана райондук прокурордун орун басары (О.Ж.) 50 миң сом пара алып жатып чогуу кармалганыны тартылган видеону таратты.


"Ошол эле күнү, райондун прокурорунун орун басары убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана ага карата бөгөт коюу чарасын колдонуу маселеси мыйзамда каралган тартипте (Башкы прокурордун сунушу боюнча Соттор кеңешинин макулдугу менен) чечилет", - деп жазылат Башкы козомөл орган тараткан маалыматта.

Башкы прокуратура Жумгал райондук сотунун судьясы (А.А.) жана райондук прокурордун орун басары (О.Ж.) пара алып жатканда кармалганын 20-майда кабарлаган.

Расмий маалыматка ылайык, Жумгал районунун судьясы райондун прокурорунун орун басары менен биргелешип, кылмышка шектелип жаткан жарандын ишин кыскартуу үчүн анын тууганынан 50 миң сом өлчөмүндөгү пара талап кылышкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG