Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:49

Чымкентте төрөт үйүнүн жанындагы жарылуудан бир киши каза болду


Жарылуудан кийин урандылар тазаланып жатат. 21-май, 2022 жыл.

Казакстандын Чымкент шаарындагы төрөт үйүнүн жанында болгон жарылуудан бир киши каза тапты деп кабарлады жергиликтүү полиция. Төрөт үйүндөгү адамдар сыртка чыгарылган. Өзгөчө кырдаалдар департаменти жардыруудан оорукананын дары даярдаган жери бузулуп, өрт чыкканын ырастады. Өрттү өчүрүү маалында күйгөн адамдын сөөгүн табышкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, маркум ал жерде кароолчу болуп иштейт.

"Өрт өчүрүлдү. Имарттын бир бөлүгү, 130 чарчы метри ураган. Беш кабаттуу турак жайдын жанында жайгашкан батирдин балкону жана терезелери да жабыркаган", - деп айтылат департамент тараткан билдирүүдө. Мындан сырткары жети жеңил автоунаа жабыркаганы айтылды.

Социалдык тармактарга тараган кадрлардан куткаруучулар урандыны тазалап жатканын көрүүгө болот. Күбөлөр катуу жарылууну угушканын, андан соң түтүн чыкканын айтышкан.

Өзгөчө кырдаалдар департаменти жарылуунун себептери такталып жатканын билдирди. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG