Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Аксыда сел жүрүп, үйлөрдү суу каптады


Аксыдагы сел.
Аксыдагы сел.

Бүгүн, 21-майда Аксы районунун Кара-Башат айылында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, айрым үйлөрдү, короолорду суу каптаган. Окуя болгон жерге ӨКМдин райондук бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат.

19-майдын кечинде Лейлек районунда нөшөрлөп жааган жаандан улам бир катар айылдарда сел жүрүп, мал жандыктарды агызып, жолдун бир бөлүгүн бузуп кеткен.

18-майда Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын бир катар аймагында сел жүрүп, 70тен ашык үйдү каптаган. Чаткалдагы Терек-Сай айылындагы көпүрөнү агызып кеткени, Ала-Букада электр мамычасы жабыркаганы да кабарланган.

5-майда Сузак районунун бир нече аймагында сел жүргөн. Кокту-колоттордон түшкөн сел онго чукул айылды каптап, 1000ден ашуун тургун коопсуз жерге чыгарылган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG