Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:59

Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен жерде ири жол кырсыгы болду


Кадамжайдагы кырсык. 21-май, 2022-жыл.
Кадамжайдагы кырсык. 21-май, 2022-жыл.

Бүгүн, 21-майда саат 16:00 чамасында Кадамжай районунун Чечме айылында ири жол кырсыгы катталды. Өзгөчө кыдаалдар министрлигинин (ӨКМ)алдын ала берген маалыматына караганда, аталган айылдын Өзбекстан менен чек арадагы жердеги “Чечме” өткөрүү постунда оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, өткөрүү постундагы имарат менен токтоп турган машинелерди сүзгөн. Жабыркагандар жана автоунаалардын үлгүлөрү такталууда.

Кырсык болгон жерде ӨКМдин Кадамжай райондук бөлүмүнөн 18 куткаруучусу иштеп жатат. Министрликтин басма сөз кызматы кийинчерээк кошумча маалымат берилерин билдирди.

2022-жылдын алгачкы үч айында Кыргызстанда 1366 жол кырсыгы катталганын, андан 110 адамдын өмүрү кыйылып, 2079 адам жараат алганын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG