Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Австралияда шайлоонун жыйынтыгы менен өкмөт алмашат


Энтони Албаниз
Энтони Албаниз

Австралияда ишембиде өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча өкмөт алмашат. Премьер-министр Скотт Моррисондун Либералдык жана Улуттук партиялардан турган башкаруучу коалициясы шайлоодо утулуп калды. Жеңишти Энтони Албаниз жетектеген оппозициялык лейбористтер алды. Ал министрлер кабинетинин жаңы башчысы болуп калат.

Моррисон Албанизди жеңиши менен куттуктады.

Добуштарды саноо дагы эле уланууда. Лейбористтер парламенттин 151 орундуу төмөнкү палатасында абсолюттук көпчүлүктү али кепилдей элек. Алар Жашылдар же көз карандысыз депутаттар менен коалиция түзүүгө аргасыз болушу мүмкүн.

Кампанияда токойлордогу катастрофалык өрттөрдөн кийин климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү маселелери маанилүү ролду ойноду. Башкаруучу коалициянын жеңилишине инфляциянын өсүшү жана жашоонун кымбатташы да таасирин тийгизди. Австралияда 9 жылдык борбордук-оңчулдардын башкаруусунан кийин бийликке солчулдар кайтып келди. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG