23-майдан тартып 27-майга чейин Бишкек–Нарын–Торугарт автожолунун 129-чакырымында кооптуу таштарды кулатуу иштери жүрө турганын "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, Боом капчыгайында саат 9дан 15:00гө чейин жолдун бир тарабы улам жабылат.
Эгер топтолгон машинелердин саны 30-40ка жетсе, таш кулатуу иши убактылуу токтотулуп, жол ачылып турат.
Бул иштер таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.
Бишкекти Ысык-Көл жана Нарын облустары менен байланыштыруучу негизги автожолдун 25 чакырымдайы Боом капчыгай аркылуу өтөт. (КЕ)