Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:07

Канада менен Австралияда маймыл чечеги катталды


Маймыл чечеги вирусун жуктурган адамдын денеси.
Маймыл чечеги вирусун жуктурган адамдын денеси.

Австралияда маймыл чечеги жуккан алгачкы учур аныкталды. Дарыгерлердин айтымында, Жаңы Түштүк Уэльс штатынын 40 жаштагы жашоочусу ооруп калган. Ал Европадан жакында эле келгени айтылды.

Канадада дагы вирусту жуктурган алгачкы учур катталды. Өкмөт Квебек провинциясындагы эки киши ооруп жатканын кабарлады. Алар буга чейин АКШда сапарда болушкан.

Буга чейин маймыл чечеги Испания менен Португалияда катталган. Европада сейрек кездешүүчү вирустук инфекциянын бир нече учуру Улуу Британияда табылган. Италияда, Швецияда жана АКШда вирусту жуктургандар тууралуу белгилүү болгон.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) инфекциялардын булагы азырынча аныктала электигин билдирүүдө. Вирус адамдан адамга оңою менен жукпайт жана жапырт тароо ыктымалдуулугу төмөн деп бааланып жатат.

Чечек илдети (натуральная оспа) – өтө коркунучтуу, катуу кармаган жугуштуу оору болуп саналат. Адатта ал ооруган адамдан аба, чаң аркылуу, көбүнчө дем алуу органдары, кээде тери аркылуу жугат. Кан аркылуу бүт организмге тарап, теринин эпителий клеткаларына топтолуп көбөйө баштайт. Айрыкча алар теринин ачык жериндеги (баш, бет, кол, моюн, бут) клеткаларды жабыркатат. Натыйжада, денени ыйлаакча түрүндөгү жарааттар каптап кетет.

Маймыл чечеги кадимки чечектин бир түрү болуп саналат. Ал алгач 1958-жылы маймылдардан аныкталган үчүн ушундай аталыш алып калган. Мунун вирусунун түзүмү да кишинин чечегине окшош болот. Маймыл чечегин жуктурган адамдын дагы денесинде ыйлаакчалар чыгып кетет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG