Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Жер семирткич кымбаттап, аткезчилик күчөдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жер семирткичтин наркы 47 сомго чейин кымбаттап кетти. Бул баа былтыркыга караганда эки эсе кымбат. Мындан улам дыйкандар сатып алууга чамасы жетпей жатканын даттанууда. Жер семирткичтин тартыштыгы жана ашкере кымбаттыгы Өзбекстан менен чек аралаш аймактарда аткезчиликтин күчөшүнө түрткү берди.

2022-жылы айыл чарбасын жер семирткич менен камсыздоо үчүн бюджеттен 1 млрд. сом бөлүнгөн. Учурда жеке компаниялар алып келген жер семирткичтердин дүң баасы 38 сом болсо, өкмөт алып келген жер семирткичтердики 46,7 сом болуп турат.

Жер семирткич аткезчилиги

Жалал-Абаддын Аксы, Ала-Бука райондорундагы чек арага чектеш айылдарда эки өлкөнүн жарандары арасында аткезчилик жолу менен жер семирткич ташуу токтобой, адам өмүрү кыйылган учурлар да катталды. Май айынын башында кыргыз-өзбек чек арасында Ала-Бука районунун үч тургуну Өзбекстандын чек арачыларынын огунан набыт болду. 5-апрелде да өзбек аскерлеринин огунан кыргызстандык эки бир туугандын өмүрү кыйылган. Өзбек тарап алар мыйзамсыз жүк өткөрүүгө аракет кылган деп түшүндүрдү.

Ала-Буканын тургуну, активист Шайырбек Стамкулов аткезчилик жолго кыргызстандыктар аргасыз барып жатат деп эсептейт. Ал жашыруун жол менен чек арадан аткезчилик кылуу катардагы жарандардын колунан келбейт деген пикирде.

“Азыр айылда жер семирткич жок болуп жатат. Өзбекстандан аткезчилик менен арзан алып келебиз деп, ушундайга туш болуп калышты. Атасы менен эки баласы каза тапты. Эми чек араны ар ким эле бузуп, селитра же мал алып чыга албайт. Ал ишке баары аралашып калган, акчалуулар менен чек арачылар да бар болушу мүмкүн. Жерлерди тактап, зым менен тартып алыш керек. Анда да токтоп калат деп айтуу кыйын”.

Укук коргоо органдары жер семирткич аткезчилиги боюнча дагы бир катар фактыларды жарыялады. Айталы, 12-майда Аксынын Кербен шаары менен Өзбекстандын Мамай учаскасынын чек ара тилкесин бузуп өтүп, ондой жаран селитра ташып жаткан тасма тарады. ​Тасмада бир топ жарандар мүшөктөрдү көтөрүп, чек ара тилкелерин кесип өтүп жатканын көрүүгө болот. Чек ара кызматы 13-майда “Азаттык” радиосуна түшүндүрмө берген. Кыргызстанга мүшөктөрдө селитра алып өтүп жаткан өзбекстандык жарандар болгон.

“Чек ара отрядын көргөн жарандар селитра салынган каптарды таштап, артка качып кеткен. Аймакты текшерүү учурунда баштыктарга салынган 500 килограммдан ашык селитра табылды. Учурда чек арада аскерлер көбөйтүлүп, аткезчиликти болтурбоо жумуштары күчөдү”,-деди УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгынын кызматкери Жаныбек Турсунбеков.

12-май күнү да Кадамжай районунда Өзбекстандан 25 тонна жер семирткичти аткезчилик жол менен алып кирүүгө аракет кылгандар кармалган. Улуттук коопсуздук комитети таркаткан маалыматка ылайык, жүктүн ээси Кыргызстандын аймагына тоскоолдуксуз өтүү үчүн чек арачыга пара берүүгө аракет кылган.

Ал арада Чүйдүн талааларында дыйканчылык кылган Мустафа жер семирткич көйгөйү кыйын абалга кептегенин айтып берүүдө.

"Былтыр селитранын бир мүшөгүн 1000 сомдон алчубуз. Быйыл 2100-2200 сомго чейин чыгып кетип атат. Булар Казакстан менен Өзбекстандыкы. Орусияныкы такыр эле жок. Колунда жок дыйкандар селитра чача албай калууда. Биз жылда гектарына 300 килограмдан берет элек. Быйыл кымбаттыктан улам 150 килограммдан эле берип жатабыз. Мүмкүнчүлүгү барлар ошончо берип жатат, жоктор жер семирткичти такыр эле бере албай калды. Дыйкандардын 80% ала албай жатат. Колунда бар 20% эле алып, чачып жатат. Менде деле жок болгондуктан, жүгөрүгө чача албай жатам".

Айыл-чарба министрлиги 2022-жылы Кыргызстанга 276 миң тонна минералдык жер семирткич керектелерин эсептеп чыккан. Мунун 155 миң тоннасын аммиак селитрасы менен карбамид, 103 миң тоннасын фосфор жана 19 миң тоннасын калий түзөт.

"Баасы кымбат болгонуна байланыштуу сатылбай турат"

2022-жылы айыл чарбасын жер семирткич менен камсыздоо үчүн бюджеттен 1 млрд. сом бөлүнгөн. Кыргыз өкмөтү март айында Өзбекстандан 20 миң тонна минералдык жер семирткич сатып алууну макулдашкан. Айыл чарба министрлигинин өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директорунун орун басары Жалилбек Тойматов мамлекеттик каражатка сатып алынган жер семирткичтер сатылбай кампаларда жатканын билдирди.

Жалилбек Тойматов.
Жалилбек Тойматов.

"Президентибиздин саясаты боюнча 1 млрд. сом минералдык жер семирткичтерди сатып алууга каралган. Минералдык жер семирткичтерди сатып алууга 975 млн. сом бөлүнгөн. Материалдык резервдер фонду аркылуу 30 миң тонна минералдык жер семирткич сатып алышыбыз керек болсо, доллардын кунунун көтөрүлүп кеткендигине байланыштуу 20 миң тонна гана сатып алганга жетти. Өзбекстанда "Узкимёимпэкс" акционердик коому менен келишим түзүлүп, акча которулган. Ошол 20 миң тоннаны алып келүүгө график коюп беришкен. Апрелде 5 миң тонна, майда 10 миң тонна жана июнда 5 миң тонна алып келебиз. Апрель айындагы 5 миң тоннасы бизге келген. Матрезервдин бекеттердеги кампаларында турат. Аны биз алты бекетке бөлүп бергенбиз, облустар менен райондор ошол жактан алып кетишет. Баасы кымбат болгонуна байланыштуу сатылбай турат".

Тойматов ырастагандай, учурда наркын базар баасына түшүрүү боюнча тескеме даярдалууда.

Материалдык резервдер фондунун директорунун орун басары Рустам Каракулов өкмөт бөлгөн 1 млрд. сомдун 975 млн. сомуна Өзбекстандан 20 миң тонна жер семирткич сатып алынганын билдирди. Ал жер семирткичтер доллардын куну өсүп турган маалда алынгандыктан, баасы өтө кымбат болуп, дыйкандар сатып ала албай жатат.

Рустам Каракулов.
Рустам Каракулов.

"Тоннасын жайынан 437 доллардан сатып алып, бул жакка алып келгенбиз. Бүгүнкү күндө өкмөттүн тескемесин күтүп жатабыз. Ал тескеме чыкса, антимонополия баасын коюп берет, анан ошол баада сатабыз. Өзү келишимди 30 миң тоннага түзгөнбүз. 20 миң тоннага акча которуп, анын 5 миң тоннасын алып келгенбиз".

Материалдык резервдер фонду аркылуу келген жер семирткичтердин баасын Антимонополия кызматы 46 сом 70 тыйын деп коюп берген. Баасынын кымбаттыгынан улам азырга чейин сатылбай турат.

"Өкмөт катасын оңдошу керек"

Кыргызстан жер семирткичтерди ташуучулар ассоциациясынын президенти Эрлист Акунбеков учурда дыйкандар жеке ишкерлердин ташып келген жер семирткичтери менен гана тирилик кылып жатканын, мамлекеттин колдоосу көрүнө электигин билдирди.

Эрлист Акунбеков.
Эрлист Акунбеков.

"Ачыгын айтканда, мамлекет тарабынан жардам дагы, тоскоол дагы жок. Жардам жок дегеним, жер семирткичтин баасы заводдо да эки эсе кымбаттады. Биздин жер семирткич саткан ишибиз өкмөттүн бир дагы программасына туура келбейт экен. Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду дагы бере албайт экен. Ошондуктан биз жеңилдиги жок, 12-13% насыяларды коммерциялык банктардан алып иштеп жатабыз. Орусия бизге такыр бербей койду. Мындан алты ай мурда эле артын салып койгон. Ал жактан бир килограмм дагы келген жок. Чынын айтканда, Евразиялык экономикалык биримдиктин пайдасы деле тийген жок. Биз "Орусиядан алалы, ал жакта газ арзан” деп канча жолу айттык. Казакстан деле берген жок, алар дагы аркасын салып койгон. Орустардан пайда жок. Биз канча жолу союздаш дебейли, керек учурда бир дагы пайдасы тийбеди".

Акунбековдун ырасташынча, 2021-жылы селитранын баасы 21-23 сом болсо, быйыл 44 сомго чейин көтөрүлгөн. Жеке ишкерлер учурда 37-38 сомдон сатып жатышат. Карбамид жер семирткичинин баасы 2021-жылы 28 сом болсо, быйыл 46-47 сомдон сатылууда.

Мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев өкмөт жер семирткичти өзү алып келип дыйкандарга сатуу чечими менен жаңылышкан дейт. Эми мыйзамдуу жол менен анысын оңдошу зарыл.

Тилек Токтогазиев, айыл-чарбасы боюнча эксперт
Тилек Токтогазиев, айыл-чарбасы боюнча эксперт

"Өзүбүз сатып алабыз, өзүбүз кайра сатабыз" деген базар экономикасынын принциптерин бузат. Эми өздүк баасы кымбат болгону менен, өкмөт дагы жер семирткичти жөн эле басып жата бербей, өкмөт тарабынан чечим кабыл алынып, жер семирткичтер арзаныраак болсо да дыйкандарга берилиши керек".

Быйылкы керектөөгө эсептелген 276 миң тонна жер семирткичтин 13-майга карата 21% , же 60 миң тоннадайы алып келинген (59 842 т). Бул көлөмдүн дээрлик баарын Жер семирткичтерди жеткирүүчүлөр ассоциациясынын курамындагы жеке ишкерлер алып келишкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG