Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:28

Чек ара кызматы аткезчилик боюнча тараган тасмага түшүндүрмө берди


Аткезчилик жүктөр.
Аткезчилик жүктөр.

Жалал-Абад облусунун чек ара аймагында бир топ киши мүшөктөрдү чек арадан көтөрүп өтүп жаткан тасма боюнча Чек ара кызматы 13-майда “Азаттык” радиосуна түшүндүрмө берди.

Маалыматка ылайык, аткезчилик жол менен жүк ташып жаткандар тууралуу тасма 2022-жылдын 5-апрелинде тартылган. Чек ара кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Мамай участкасында Өзбекстандан Кыргызстанга мүшөктөрдө селитра алып өтүп жаткан өзбекстандык эки жаранды аныктаган.

“Чек ара отрядын көргөн жарандар селитра салынган каптарды таштап, артка качып кетүүгө жетишкен. Аймакты текшерүү учурунда чек арачылар баштыктарга салынган 500 килограммдан ашык селитра табылды”, -деп айтылат расмий билдирүүдө.

Ала-Бука чек ара бөлүгүнүн кызматкерлери жыл башынан бери 2 миллион 894 миң сомдук аткезчилик жүктү мыйзамсыз ташуунун 14 учурун аныктаганы маалымдалды. Аткезчилик менен соода кылуу эки өлкө ортосундагы тактала элек чек ара тилкелеринде, көбүнесе калктуу аймактар аркылуу өткөн транзиттик жолдордо болору айтылып жүрөт.

5-майда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 48 жаштагы тургуну, 22-24 жаштардагы эки баласы менен өзбек чек арачыларынын огуна каза тапкан. Бир ай мурун, 5-апрелде да өзбек аскерлеринин огунан кыргызстандык эки бир туугандын өмүрү кыйылган. Өзбек тарап алар мыйзамсыз жүк өткөрүүгө аракет кылган деп түшүндүргөн эле. (ТB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG