Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:15

Түштүк Корея Кыргызстанга табигый кырсыктардын алдын алуу үчүн 5 млн. доллар берет


Өзгөн. 2-май, 2017-жыл.
Өзгөн. 2-май, 2017-жыл.

Түштүк Корея Кыргызстанга климаттык өзгөрүүлөрдү жана жаратылыш кырсыктарын алдын алууга 5 миллион АКШ долларын грант түрүндө берет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Бул маалымат Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова менен Түштүк Кореянын климат жана айлана-чөйрө боюнча эл аралык комитетинин президентти Вон Тэ Юндун 12-майдагы жолугушуусунда айтылган.

Жолугушууда KOICA линиясы аркылуу бериле турган "Кыргызстанда климаттык кризиске чара көрүү жана потенциалын башкаруу системасын түзүү" долбоорун талкуулашкан.

Долбоор ишке ашкандан кийин метеорологиялык жана экологиялык анализ үчүн алгачкы маалыматтарды алуу, климаттык чөйрөнү баалоо ыкмаларын аныктоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Анын арты менен климаттын өзгөрүү нугун басаңдатууга, табигый кырсыктар менен күрөшүү саясатын аныктоого шарт жаралат. Жолугушууда Бишкектеги абанын булганышы боюнча да маселе көтөрүлгөн.

Кыргызстанда табигый кырсыктардын алдын алуу, климаттык кризиске чара көрүү жаатында аракеттер, тиешелүү жабдыктар жетишсиз экени айтылып келет.

Өлкөдө адам өлүмү менен коштолгон табигый кырсыктар бир нече жолу катталган. 2003-жылы Өзгөндө жер көчкү бир айылды басып калып, 40 адам набыт болгон. 2009-жылы Аксыда жүргөн жер көчкүдө Райкомол айылынын 16 тургуну набыт болгон, анын 11и балдар болчу.

2017-жылы жер көчкү Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы жети үйдү басып, 24 киши топурак алдында алдында калган. Беш күн бою жүргүзүлгөн издөө, казуу иштеринде сегиз кишинин сөөгү табылган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG