Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

Президенттин маалымат катчысы Жапаров менен Бекназаровдун Ширшов боюнча айткандарына тактоо киргизди


Алексей Ширшов.
Алексей Ширшов.

“Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшовго карата 2010-2014-жылдары жалпысынан төрт кылмыш иши козголгонун бүгүн 13-майда президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Султанбаев жарыялаган маалыматка караганда, төрт иштин үчөөнү 2010-жылы Улуттук коопсуздук боюнча комитет (УКМК), Башкы прокуратура жана ошол кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы кызмат козгогон.

Алар “Дастандын” акцияларын мыйзамсыз чыгаруу, трансформатор алып келүүдө жана энергетика, газ тармагындагы ишканалар ортосунда келишим түзүүдө мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иштөө фактыларына байланыштуу иштер.

Бул иштер Жазык кодексинин “Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарынын кыянаттык менен пайдаланылышы”, “Алдамчылык”, “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмдөр болуу”, “Финансылык жеңилдиктерди мыйзамсыз берүү жана алуу”, “Кыргызстандын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу” беренелеринин негизинде козголгон.

Кийин Биринчи май райондук соту бул үч ишти бириктирип карап, 2015-жылы Ширшовду “Дастан” боюнча күнөөлүү деп тапкан жана үч жылга эркинен ажыраткан, ал эми калган айыптар боюнча актаган. Шаардык сот бул өкүмдү өзгөртүп, Ширшовго 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салган.

Ал эми төртүнчү ишти 2014-жылы Башкы прокуратура Ысык-Көлдөгү “Витязь” пансионатынын жер тилкесин жана кыймылсыз мүлкүн улутташтыруудагы мыйзамсыз аракеттер боюнча Жазык кодексинин “Ишкердик кылуу ишине мыйзамсыз катышуу” беренесинин негизинде козгогон. 2018-жылы Октябрь райондук соту Ширшовду бул иш боюнча күнөөлүү деп таап, жоопко тартуу мөөнөтү эскиргенине байланыштуу жазадан бошоткон. Шаардык сот бул өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта “Сот өкүмдөрү күчүнө киргенине жана алар аткарылганына байланыштуу Ширшовго коюлган бөгөт жана чектөө жокко чыгарылган” деп айтылды.

10-майда УКМК Ширшов «Аврора Плюс» эс алуу борборунан кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарган коррупциялык схеманын негизги уюштуруучуларынын бири катары шектелип Жазык кодексинин "Коррупция" беренесинин негизинде кармалганын билдирген. Биринчи Май райондук соту ошол эле күнү аны үй камагына чыгарган.

11-майда Ширшов тууралуу коомчулукта талкуу кызып, маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн. Депутат Жанарбек Акаев Ширшовдун кармалып, кайра бошотулганын Кыргызстандагы коррупциялык схемаларга каршы күрөшүү саясатына көө жапкан окуя деп баалаган.

11-майда президент Садыр Жапаров мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин 200 миллион долларын Кыргызстанга кайтарууга жардамын сунуштаган Ширшовду кабыл алганын, баш прокурор, УКМК, ИИМ ага карата бир да иши козголбогонун, издөөдө жок экенин айтышканын билдирген.

11-майда 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, азыр Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” курган маегинде Ширшовго төрт-беш кылмыш иши козголгонун билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG