Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:29

"Тез жардам" автоунааларын алууга каражат бөлүндү


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон чечимге ылайык “Тез жардам” автоунааларын сатып алууга 169,3 миллион сом бөлүндү.

Министрлер кабинетинин расмий сайтына 13-майда жарыяланган маалыматка ылайык бул каражат "Акылдуу шаар" долбоорунун алкагында айып пулдардан топтолгон каражаттын эсебинен бөлүндү.

2019-жылы ишке кирген "Коопсуз шаар" долбоорунан түшкөн каражатты өкмөт "Тез жардам" кызматын өнүктүрүүгө жумшап, автоунааларды жаңыртуу пландалган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында өлкө боюнча 443 "Тез жардам" автоунаасы бар. Мындан тышкары, жалпы 71 автоунаа гуманитардык жардам түрүндө алынып келсе, жеке ишкерлер тарабынан 32 автоунаа берилген. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG