Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:44

АКШ Украинага Орусия боюнча маалымат берүүнү чектеген эреже кабыл алды


Кошмо Штаттардын Улуттук чалгын кызматынын директору Эврил Хэйнс билдирди.
Кошмо Штаттардын Улуттук чалгын кызматынын директору Эврил Хэйнс билдирди.

АКШ бийлиги Украинага чалгын маалыматтарын берүүнү чектеген эреже кабыл алды. The Washington Post басылмасы 12-майда кабарлагандай, мындай чечим Вашингтон менен Москванын ортосундагы мамиленин мындан ары курчушуна жол бербөө максатында кабыл алынды.

Документке ылайык, мындан ары маалыматтын эки түрү Украинага берилбейт. Биринчиси – украин аскерлерине Орусиянын коргоо министри, Башкы штабынын жетекчиси сыяктуу жогорку аскер адамдарын жок кылууга жардам бериши мүмкүн болгон маалымат, экинчиси – Орусиянын Украинанын аймагынан тышкары жерлердеги объекттерин бутага алууга көмөк болуучу маалымат. Кошмо Штаттар мындай ыктымал кол салуулардын катышуучусу болуп калбоо максатын көздөп жатканы айтылды.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Украина АКШнын чалгын маалыматынын негизинде Орусиянын бир нече генералын жок кылганын жана “Москва” кемесин чөктүргөнүн жазып чыгышкан. Пентагон бул маалыматтарды тастыктаган эмес.

Бүгүнкү күндө Украина АКШдан орус аскерлеринин жайгашкан жери, кыймылы тууралуу маалыматтарды жана спутниктен тартылган сүрөттөрдү алып турат. Мындан тышкары өлкөгө оор артиллерия, учкучсуз учактар жана танкка каршы ракеталар берилүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG