Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:57

Бир катар мамлекеттик ишканалардын акциялары Санарип өнүгүү министрлигине өттү


"Дастан" компаниясынын имараты.
"Дастан" компаниясынын имараты.

Министрлер кабинети “Кыргызтелеком”, “Евразия сактык банкы”, “Альфа Телеком”, “Дастан” ишканаларындагы мамлекеттин акцияларын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан Санарип өнүгүү министрлигине өткөрүп берди. Тиешелүү токтомду Министрлер кабинети 10-майда чыгарган.

Токтомдо мындай чечимдин себеби жазылган эмес. Өкмөт да азырынча түшүндүрмө бере элек.

Санариптик өнүктүрүү министрлигин январь айынан бери Талантбек Иманов башкарып келет.

Мамлекет башчысы былтыр 5-майда мамлекеттик мүлктүн көбүн жеке менчикке чыгарууну тапшырган. Мекеменин апрель айындагы маалыматына ылайык, бир жыл ичинде бир дагы мамлекеттик мүлк сатылган эмес. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG