Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:33

Бишкекте УКМКнын жаңы имараты ачылды


УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президент Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. УКМКнын жаңы имаратынын ачылышында. 12-май, 2022-жыл.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президент Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. УКМКнын жаңы имаратынын ачылышында. 12-май, 2022-жыл.

Бишкекте Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

УКМКнын жаңы имаратынын ачылышына катышкан президент Садыр Жапаров жаңы заманбап имаратты ачуунун маанилүүлүгүн белгилеп, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери өз милдеттерин аткаруусу үчүн зарыл шарттар түзүлүп жатканын айткан.

3-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин академиясынын имараты курула баштаган.

2021-2022-жылдары бир катар район жана шаарларда атайын кызматтын жаңы имараттары курулду. УКМК башчысы Камчыбек Ташиев имараттар кайсы каражаттарга курулуп жатканы тууралуу маалымат берген эмес. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG