Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:51

Журналисттин иши: сотко басым болуп жатабы?


Куттумидин Базаркулов.
Куттумидин Базаркулов.

Камактагы журналист Куттумидин Базаркуловдун жакындары сотко Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети басым жасап жатканын айтышууда. Базаркулов өзү абактан кайрылуу жолдоп, бийликтин куугунтугуна кабылганын билдирди. Тийиштүү органдар азырынча комментарий бере элек.

Жалал-Абаддагы облустук телерадиоканалды башкарган учурда “кызмат абалынан кыянат пайдаланган” деп кармалган журналисттин темир тор артында жатышын активисттер сындап, “тандалма саясаттын курмандыгы” катары карашат. Айрым кесиптештери ал өзү жасаган мыйзамсыз иштин азабын тартып жатканын белгилешет.

Базаркуловдун жубайы Жамила Сыдыкова жолдошун дээрлик алты айдан бери көрө элек. Ал 12-майда “Азаттыкка” буларды айтты:

“Мен Бишкекте, ал Жалал-Абадда камакта. Балам барып, терезеден сүйлөшүп келди. Алдына киргизбейт экен. Мен барганым менен жанына киргенге уруксат берилбей турганын айтышты. Адвокаттар аны үй камагына чыгарууга аракет кылышты. Бөгөт чарасы сотто каралып жатканда УКМКнын (Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин - ред.) эки кызматкери келип, сотко басым жасап камакта калтырып коюшуптур. Бизде соттор, прокурорлор өз алдынча чечим кабыл ала албайт экен. Баарын УКМК чечип калыптыр. Атайын кызмат жолдошумду кармап берген, тергөө бүткөн. Андан ары кийлигишпөө керек да”.

Сыдыкованын сөзүн Базаркуловдун адвокаты да тастыктады. "Азаттык" УКМКнын Басма сөз борборуна комментарий алуу үчүн кат жолдогон, азырынча жооп келе элек.

Ишти карап жаткан судья башка аймакка ротация болгондуктан, кийинки отурум качан болору азырынча белгисиз. Иш Жалал-Абадга жаңы которулуп барган бөлөк судьяга өткөн. Кезектеги отурумдун датасын ал белгилеши керектигин жактоочу билдирди.

Жалал-Абад облустук телерадио компаниясынын (азыркы Жалал-Абад медиа борборунун) мурдагы жетекчиси Куттумидин Базаркулов 10-майда кайрылуу жолдоп, өзүнө каршы козголгон кылмыш иши негизсиз экенин, бийликти сындаганы үчүн абакка түшкөнүн, камалышына себеп болгон тендердеги эреже бузуулар жөнүндөгү маалыматтар куру доомат экенин айткан. Анын кол жазмасы Фейсбуктагы "Полит Узник" деген баракчага жарыяланган.


Жарандык активист Рита Карасартова "кызмат абалынан кыянат пайдаланган" деп шек саналган Базаркулов саламаттыгы начарлаганына карабай камакта отурса, ири коррупциялык иштерге айыпталган Алексей Ширшов кармалып, бир күндөн кийин коё берилишин сынга алды. Ал муну “бийликтин жемкорлукка каршы кош стандарттуу мамилеси” деп сыпатттады.

Рита Карасартова
Рита Карасартова

“Укукта “адамды эмне үчун камаш керек?” деген түшүнүк бар. Эгер шектүү же айыпталуучу адамдарга басым жасап, коомго коркунуч алып келсе же мамлекеттин өнүгүшүнө чоң чыккынчылык жасаса, анда камакта кармаса болот. Ал эми Куттумидин Базаркулов ири жемкорлук схемасын түзгөн эмес, күч органдарына кысым көрсөтүп, ишин жаптыра турган киши эмес. Үй камагында эле кармап, тергөөнү улантса болот”.

Базаркуловду УКМК 2021-жылдын 27-ноябрда үйүнөн кармаган. Журналист “Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айыпталууда. Тагыраагы 2015-жылы Жалал-Абад облустук телерадиоканалын башкарып турганда тендер өткөрүүдө эреже бузуп, сапатсыз техникаларды сатып алганы айтылган жана мамлекетке 3 миллион сомдон ашык зыян келтиргени маалымдалган.

Аталган каналдын башкы эсепчиси Өктөм Тагаева Базаркулов жетекчи болуп турганда туура эмес иштерге жол бергенин “Азаттыкка” айтып берген.

Жалал-Абад медиа борборунун юристи Чындык Мырзабеков Куттумидин Базаркуловдун ишин териштирүү мыйзамдуу жүрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, адистер тендер эреже бузуу менен өткөнүн, мамлекетке зыян келтирилгенин аныктагандан кийин гана кылмыш иши ачылган.

"Буга сот укуктук баа берет. Базаркулов өзүнүн күнөөсүз экенин далилдеш үчүн толтура укуктарга ээ. Соттолуп жаткан ар бир адам "мага басым болууда, саясий куугунтукка кабылдым" деп ойлошу мүмкүн. Бирок Жалал-Абад медиа борборунда ал кишини атайылап каматып салуу деген кызыкчылык жок. Маселе мыйзам талаасында чечилиши керек".

Базаркулов Жалал-Абад облустук телерадио компаниясын 2010-2016-жылдары жетектеген. 2021-жылдагы президенттик шайлоого талапкерлигин коюп, кайра баш тарткан. Соңку жылдары коомдук-саясий иштерге активдүү аралашып, 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин бийликке келгендерди кескин сындап, интернетте ар кандай темада видео талкууларды уюштуруп жүргөн.

Мартта журналисттин кан басымы көтөрүлүп, тергөө абагына “Тез жардам” чакыртылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG