Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 00:56

Президенттик шайлоого кимдер баратат?


Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого талапкерлерден документтерди кабыл алууну токтотту.

Борбордук шайлоо комиссиясы президент болууну каалаган талапкерлердин арызын кабыл алуу жараянын аяктады. 2020-жылдын 14-ноябрында саат 23:59го карата Борбордук шайлоо комиссиясына 65 талапкерден документтер келип түшкөн.

Алардын ичинен Бакыт Бакетаев менен Жыпаркул Тургуналиев арыздарын кайра кайтарып алды.

Ушуну менен Боршайкомдо 63 талапкердин документи калды. Алардын 62си президенттикке талапкерлигин өзүн-өзү көрсөттү, бир адам саясий партиянын атынан сунуш кылынды. Шайлоого талапкер болуп катышуу тууралуу ниетин билдиргендердин сегизи аял, 55и эркек. Ошентип, бул жолку президенттик шайлоо талапкерлер катары катталуу үчүн арыз бергендердин саны боюнча рекорд койду.

Президенттикке талапкерлер кимдер? (тизме)


Президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз бергендердин тизмеси:

1. Адахан Мадумаров;

2. Арстанбек Абдылдаев;

3. Кубан Чороев;

4. Назарбек Нышанов;

5. Бектур Асанов;

6. Канатбек Исаев;

7. Абдыкаар Сыдыков;

8. Сазыкбай Турдумалиев;

9. Нурлан Мотуев;

10. Рашид Тагаев;

11. Жеңишбек Байгуттиев;

12. Клара Сооронкулова;

13. Аймен Касенов;

14. Азамат Эсенбеков;

15. Кубанычбек Кадыров;

16. Элеонора Турдубекова;

17. Садык Шер-Нияз;

18. Үрүстөм Кабылбеков;

19. Илгиз Товкеев;

20. Бактыбек Калмаматов;

21. Жамбылбек Камчиев;

22. Мыктыбек Арстанбек;

23. Токтайым Уметалиева;

24. Арсланбек Малиев;

25. Медер Болгомбаев;

26. Анар Зарипова;

27. Куттумидин Базаркулов;

28. Бакыт Романов;

29. Турсунбек Жумабеков;

30. Имамидин Ташов;

31. Эрбол Токтогулов;

32. Карагач Исмаилова;

33. Марат Кайыпов;

34. Турсунбай Бакир уулу;

35. Курсан Асанов;

36. Темирлан Ормуков;

37. Каныбек Иманалиев;

38. Орозобек Мадинов;

39. Анаркүл Араева;

40. Акжолтой Тукунов;

41. Равшан Жээнбеков;

42. Тынчтык Акжолтоев;

43. Айбек Эркетаев;

44. Санжарбек Энназаров;

45. Юлия Лилиенталь;

46. Чыңгыз Капаров;

47. Жаныбек Сүйүналиев;

48. Жээнбек Искендеров;

49. Кубанычбек Исабеков;

50. Базарбай Темишов;

51. Бакытбек Жумагулов;

52. Бакыт Керимбеков;

53. Елена Клипачева;

54. Элдар Абакиров;

55. Улукбек Кочкоров;

56. Кубанычбек Токтосунов;

57. Адилет Маматов;

58. Султан Ажиматов;

59. Бабыржан Төлбаев;

60. Абдил Сегизбаев;

61. Мирлан Калыбеков;

62. Саматбек Ибраев;

63. Садыр Жапаров.

Талапкерлердин арасында Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдагы депутаттары, саясий ишмерлер, экономист, пенсионерлер, УКМКнын мурдагы төрагасы бар.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев 60тан ашык киши арыз бергени менен саясий күрөш төрт-беш талапкердин ортосунда боло турганын боолгоду:

Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.

“5-6-октябрдагы окуялар элдин мүдөөсү менен ишке ашты. Алар коррупциялашкан бийликти кубалап чыкты. Чогулгандар шайлоону таза өткөрүүнү да талап кылышкан. Ошондо элдин купулуна толгон Садыр Жапаровдун президент болууга мүмкүнчүлүгү барынан жогору турганы белгилүү болуп турат. Бирок андан башка да күчтүү саясатчылар бар. Мисалы, Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Бактыбек Калмаматов, Равшан Жээнбеков бар. Бирок ушундай кырдаалда саясатчылар эгоисттик саясий амбицияларын жыйыштырып, жалпы элдин мүдөөсүнө туура келген атаандаштык жараянына катышса туура болот эле. Элди ашыкча дүрбөтпөй. Биз бул шайлоо ушундай таризде өтөт деп үмүт кылып турабыз”, - деди Осмоналиев.

Президенттикке талапкерлердин бири, саясатчы Бектур Асанов бул жолку шайлоого аттангандардын арасында эл жапырт колдогон, чыныгы сүймөнчүк талапкер жок деп эсептейт:

Бектур Асанов.
Бектур Асанов.

“Фаворитти көрө албай жатам. Бул талапкер өтүп кетет деген ишеним эч кимде жок. Жада калса, азыркы бийликте турган кишилерде да мындай ишеним жок. Менимче, шайлоого он беш күн калганда президент ким болору билинет. Чыныгы фавориттин жоктугу – бул биздеги жарандык коомдун өнүккөндүгүнүн далили. Божомолду үгүт иштери башталгандан кийин айтсак болот. Мен өзүм шайлоого катышам. Ишенимдүү жана эң жакшы жыйынтык көрсөтөбүз деп айта алам”, - деди Бектур Асанов.

Президенттин жана өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) акыркылардан болуп арызын берди. Ал 14-ноябрда түштө президенттик шайлоого катышуу үчүн документтерин тапшырды. Бирок арызын кайра чакыртып алып башынан тапшырганы белгилүү болду.

Президенттин басма сөз кызматы 15-ноябрда Садыр Жапаровдун Борбордук шайлоо комиссиясындагы (БШК) ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощиндин билдирүүсүн таратып, анда ал эмне себептен документтер кайтарылып алынып, кайра тапшырылганын түшүндүргөн.

Маалыматта Жапаров президенттикке талапкерлигин көрсөтүү үчүн Боршайкомго 14-ноябрда эртең менен документтерин толук тапшырган эместиги, буга президенттин жана премьер-министрдин ыйгарым укуктарын токтотууга жана өткөрүп берүү боюнча иштерден бошобой калганы себеп экени жазылган:

«Мыйзамга ылайык, ишеним кат боюнча өкүл талапкердин документтерин БШКга эки учурда гана тапшыра алат. Эгерде талапкер ооруп калса же талапкер тергөө абагында болсо. Ошондуктан кетирилген калпыстыктарды оңдоо үчүн буга чейин тапшырылган документтерди чакыртып алып, кечинде Садыр Жапаров өзү президенттин кызмат ордуна талапкерлигин көрсөтүү максатында документтеринин толук топтомун БШКга тапшырды», - деп айтылат Мощиндин маалыматында.

Садыр Жапаров 14-ноябрда кызматын тапшырып жатып шайлоо калыс болот деп ишендирди. Башка талапкерлерди элдин тынчтыгы менен ынтымагын сактоого чакырды:

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«Шайлоонун шары менен жеке амбицияга алдырып, өлкөнүн бүтүндүгүнө доо кетирбеш керек. Президенттик жарышка аттанган болочоктогу атаандаштарымдын ар бирин урматтайм жана аларга ийгилик каалайм. Ошол эле учурда — суранып кетээр элем. Шайлоодо өлкөбүздүн түндүк-түштүккө, элибиздин уруу-урууга жана тууган- туушканга бөлүнүшүнө жол бербейли».

Анткен менен октябрдагы бийлик алмашуудан кийин алгач премьер-министр болуп, андан кийин президенттин милдетин аткарган, ал кызматты 14-ноябрда тапшырган Садыр Жапаровдун бул саясий жарышта ат салышуусу азыртадан эле административдик ресурс колдонулат деген пикирлерге жем таштады. Коомчулукта шайлоонун таза өтүшүнөн күмөн санагандар четтен чыгат. Алардын бири - “президенттикке талапкер катары арызын берген “Реформа” партиясынын лидери, Клара Сооронкулова:

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

“Кокустан эле бир саясий топ келип, бийликтин бүт бутактарын басып отуруп алышты. Алар шайлоодо сөзсүз түрдө административдик ресурс колдонот. Азыр деле мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп жатышат. Шайлоо адилеттүү, таза өтөт дегенге ишенбейм. Менимче, добуш сатып алуу деле орун алат. Анткени, колунда бар, акчалуу адамдар бийликти тегеректеп, кошомат кылышат. Ошентсе да мен саясий жарышта аягына чейин күрөшөм”,- деди Сооронкулова.

Ушу тапта эл аралык коомчулук Кыргызстан президенттик шайлоодон кийин кандай жолго түшөрүнө, конституциялык реформанын багыты кандай болоруна көз салууда.

13-ноябрда Садыр Жапаров чет мамлекеттик элчилер, консулдар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөн. Анда Кыргызстанда коомдук-саясий кырдаал толук турукташып, мамлекеттик бийлик легитимдешкенин жарыялады. Өлкөдөгү соңку окуялар тууралуу ар кандай күмөн саноо болбошу керек экенин айткан.

Президенттикке талапкердин саны 60тан ашып кеткени өзгөчө социалдык тармактарда өзгөчө талкууга алынып жаткан учуру. Айрымдары “талапкер болбогон мен эле калдым окшойт” деген сыяктуу шакаба пикирлерин калтырып жатышса, башкалары Кыргызстандын президенттик институтунун бедели төмөндөп кеткенине кейип жатышат.

Шайлоо: Мадумаровдун талабы, Жапаровдун убадасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:31 0:00

Серепчи Турат Акимов “Кыргызстан чыныгы реформаторго муктаж болуп турат” деген көз карашта:

Турат Акимов.
Турат Акимов.

“Эл президенттик кызматты эң жогорку кызмат катары көрбөй калган. Акыл-эси, дарамети туура келеби, даражасы туура келеби, келбейби ойлонбой калышты. 60тан ашык талапкердин жарымы шайлоону саясий шоу катары кабылдап жатышат. Шайлоого катыша коюп, бирөө менен тандем кыла коелу дешет. Негизи, реформатор катары өзүнүн конкреттүү оюн, сунушун берген талапкерди көрбөй жатам. Бизге реформатор, заманды алмаштырган, экономиканы көтөргөн президент керек болуп турат. Бирок ушундай олуттуу ойлору менен аттанган талапкер жок. Садыр Жапаров тууралуу айтсам, ал мезгилдин шары менен эле келип калды. Ал президент болом деп даярданбаса деле керек. Жапаров эркиндикти гана эңсеп отурган. Ушундай окуялар болуп калгандан кийин түрмөдөн чыга салды да, Феликс Куловдун мезгилиндей болуп түрмөдөн чыксаң деле бийликке бара берсең болот экен деген таризде чечим кабыл алып коюшту деп ойлойм. Чынын айтканда азыркы талапкерлер алсыз”, - дейт Турат Акимов.

Буга чейин, 2011-жылы өткөн президенттик шайлоого баш-аягы 16 талапкер ат салышып, анын ичинен учурда абакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жеңишке жеткен.

Ал эми 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо талапкерлер Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабановдун ортосунда атаандаштык курч болгон. Ошол кезде Атамбаевдин колдоосу менен президент болгон Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы 16-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы жапырт башаламандык менен аяктаган нааразылык акцияларынан кийин кызматын мөөнөтүнөн мурда тапшырып берген.

БШК мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоону келерки жылдын 10-январына белгилеген.

Элдик толкундоо: Бир айда эмне өзгөрдү?
please wait

No media source currently available

0:00 1:03:04 0:00

Пикирлерди көрүңүз (51)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG