Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Жараксыз техника каналдын ишин аксатты


Улуттук коопсуздук комитетинин билдиргенине караганда, Жалал-Абад облустук телеканалына техника сатып алууга байланыштуу козголгон кылмыш иши токтоп турат.

Буга телеканалдагы техникаларды аныктай турган эксперт- адистердин жоктугу себеп болууда.

2016-жылдын августунда УКМК ЖТРКнын жетекчилигине карата Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесине ылайык (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу) кылмыш ишин козгогон.

ЖТРКнын жамааттык арызынын негизинде атайын органдын жергиликтүү кызматкерлери каржы-чарбалык иштер жана бюджеттик каражаттарды которуунун мыйзамдуулугун текшерип, мыйзам бузууларды аныктаган. Алынган техниканын так баасын аныктай турган эксперт-адистердин жоктугун негиз кылган УКМК кылмыш иши токтотулганын маалымдады.

Медиа-эксперт Жалил Сапаров кылмыш ишин жандандырып, аягына чыгарууга шарт бар деп эсептейт:

- Бул жөн гана шылтоо болуп жатат. Техникалардын баасын азыр маркасы менен интернетке киргизип "Гуглдан" издесең түрүнөн таап, баасы менен чыгарып берет. Болбосо Кыргызстандагы "Интерньюс" сыяктуу көз карандысыз медиа уюмдарга кайрылыш керек. Алар да так баасын аныктап бере алышат. УКМКнын бул аракети шылтоо гана болуп жатат же кандайдыр бир кызыкчылык бар.

Жалил Сапаров.
Жалил Сапаров.

Сөз убагында санарипке өтүү үчүн өкмөт бөлгөн 10 млн сом жөнүндө болуп жатат. Облустук телерадио компаниясынын башкы эсепчиси Өктөм Тагаева буларды айтты:

- 2015-жылы күз айларында 5,6 млн сом экинчи этап менен биздин телеканалга берилген. Ага ошол учурдагы жетекчилик тендер аркылуу жаңы жабдууларды сатып алган. Кийин биз текшере келгенде ал техникалар сапатсыз жана санариптик ыкмадагы эмес болуп чыкты. Азыр 60% техника иштебей, кампада сакталып турат.

Өктөм Тагаева ылайыксыз техника сатылып алынганын, былтыр бул маселени Эсеп палатасы менен Маданият жана маалымат министрлигине караштуу эксперттик комиссия да аныктап чыкканын айтат:

- Министрликтен көз карандысыз комиссия келип, ар бир транш боюнча текшерип, ошол учурда ачыкка чыкты. 16 аталыштагы техника катачылык менен алынганы билинген. Андан кийин 2016-жылы февраль айында Эсеп палатасынан текшерүү келген. Анда да кемчиликтер табылып, орган кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. 3 млн сомго чейинки аппаратуралар азыр иштебей турат. 5,7 млн сомго экинчи этап боюнча телевидениеге керектүү жабдыктарды сатып алуу тапшырылган. Анын ичинен эң зарылы - “Кодер” азыр бизде иштебей турат.

Мына ушундай арабөк кырдаал ишти аксатып, телеканал азыр эфирди үзгүлтүккө учуратпоонун аргасын издөө менен алек болуп жатканын техникалык директор Союзбек Абдрасулов айтты.

Облустук телеканалды 2010-2016-жылдар аралыгында башкарып келген Куттумидин Базаркулов ушул ишке байланыштуу кызматынан бошотулган. Базаркулов кылмыш иши боюнча “Азаттыкка” эч бир маалымат бере албастыгын билдирди.

Ал эми азыркы директор Тургунбай Алдакулов телеканалдын учурдагы абалы тууралуу буларды айтты:

Тургунбай Алдакулов.
Тургунбай Алдакулов.

- Санарипке өткөндө биринчи кезекте техникалык жабдыктар жаңыланып жатат. Ага керектелүүчү техникаларды министрликтин алдындагы эксперттик-техникалык топ тактап чыгып, бизге керектүү тизмелерди беришкен. Анын негизинде сатылып алынышы керек болчу. Жалпы жонунан мурунку тендерлер кандайдыр бир себептер менен адистердин катышуусуз кемчиликтер менен алынгандыгы билинип турат. Аны эми калыбына келтириш керек.

Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясында элүүгө чукул кызматкер эмгектенет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG